«Азия Микс» командасы КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалына өттү. Кыргыз командасынын катышуусундагы кийинки оюн 2016-жылдын күзүндө болот.

«Азия Микс» 16-апрелде өткөн чейрек финалдык оюнда 17,5 упайы менен төрт команданын ичинен экинчи орунга ээ болуп, КВНдин Жогорку лигасынын жарым финалына өтө алды.

Биринчи орунду жана демөөрчүлүк 400 миң рублди Москва мамлекеттик цирки курамасы алды.

«Азии Микстин» номурлары:

«Разминка»

«Музыкалык биатлон»

«Мен» «капитандык сынак»

«Стэм «Тааныш сюжет»

«Бир ыр сынагы»

Калыстар тобунун мүчөсү Вальдес Пельш оюндун жыйынтыктарын чыгарып жатып бул «сезондун мыкты оюну» болгонун белгиледи.

Актер Дмитрий Нагиев «Азия Микс» менен Цирк курамасы «сынактардан эки танка сыктуу өтүп кеткенин» айтты.

Өз кезегинде Орусиянын «Биринчи каналынын» башкы директору Константин Эрнст кыргыз командасынын оюнун белгиледи.

«Эльдияр, сенин командаң абдан мыкты жана силерде бардык мүмкүнчүлүктөр бар», — деди ал «Азии Микстин» капитанына кайрылып.

«Азия Микстин» катышуусундагы кийинки оюн 2016-жылдын күзүндө болот.