«Голодные игры» экстрим-долбоорунун алгачкы оюну Бишкектин четинде 24-апрелде болду. 

Урматтуу окурмандар! Түз видеотрансляция аяктады. «Голодные игры» оюнунун кандай өткөндүгү тууралуу материал мында кийинчерээк жарыяланат.

Жалпысынан биринчи оюнга 30га чукул киши катышууда — алгач нускоочулар оюнчулардын байланыш каражаттары менен навигацияларын, куралдары менен күл азыктарын алышат. Катышуучулар «Голодные игрынын» талаасына чыккандан кийин алар андан курал-жарактарды, ок-дарыларды жана тамак-аштарды башкалардан мурда табышы керек болот.

Андан соң оюндагы аракеттер «Голодные игры» тасмасындагыдай нукта өтөт — катышуучулар салгылашка түшүп же обочо жерге жашырынып ала алышат.

Ар бир катышуучунун үчтөн жаны болот, бирок жаңысына алар бонустук тапшырмаларды аткаргандан кийин гана ээ боло алышат.

Оюнчулар үчүн талаада көптөгөн капкандар коюлган. Андан сырткары оюн талаасында катышуучуларды жашырынган жерлеринен чыгууга мажбурлаган кара кийимчен Бөлүштүрүүчүлөр менен бонустар менен белектерди алууга мүмкүн болгон Демөөрчүлөр басып жүрүшөт.

Жеңүүчү — акырында аман калганы — белек катары 5000 сом алат.

Оюндар «BOOM Studio» ассоциациясынын колдоосу алдында. «Скорпион» пейнтбол-клубу тарабынан уюштурулган.