«Дордой-2003» өспүрүмдөр командасы Миланда өтө турган көчө футболу боюнча эл аралык мелдешке барууга даярданып жатат. Мелдештерге дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн барган командалар катышышат.

Көчө футболу боюнча төртүнчү эл аралык мелдеш 12 жаштан 14 жашка чейинки футболчулар арасында 26-майдан 28-майга чейин Миланда өтөт. Ал мелдешке Кыргызстандын атынан «Дордой» футболдук клубунун өспүрүмдөр командасы катышат.

«Биз кандай гана мелдеш болбосун даярбыз. Бизде Миланда же мисалы Алматыда ойноо деген конкреттүү милдетибиз жок. Ар бир мелдешке карат белгилүү бир даярдыктар болот, бирок бир жылга пландаштырылган иш баары бир аткарылат», — деди комнданын машыктыруучусу Олег Холковский.

Жаш футболчулар аптасына алты жолу эки сменден машыгышат.

«Биз утабыз. Биздин команда ынтымактуу, биз эч качан бири-бирибизге кыйкырбайбыз. Биз өзүбүзгө жана жеңишке жете тургандыгыбызга ишенебиз. Биз жакшы команда экенибизди жана футбол ойной ала тургандыгыбызды далилдегибиз келет», — дейт команданын коргоочусу Арслан Бекбердинов.

Командалардын атаандаштары чүчүкулак аркылуу мелдештин өзүндө аныкталат.

Форум менен мелдештер аяктагандан кийин ага катышкан жаш футболчулар Миландагы «Сан-Сиро» стадионунда өтө турган УЕФАнын Чемпиондор лигасынын финалын көрүүгө барышат.

Жаш футболчулар «Реал Мадрид» жана «Атлетико Мадрид» футболдук клубдарынын ортосундагы беттешке күбө болушат.

«Дордой-2003» командасынын курамы:

  • Иман Уланов, дарбазачы
  • Сагынбек Жөрөбаев, коргоочу
  • Арслан Бекбердинов, коргоочу
  • Мирлан Бекбердинов, жарым коргоочу
  • Бектур Абдывалиев, жарым коргоочу
  • Эрмек Кенжебаев, жарым коргоочу
  • Данила Пилипас, чабуулчу
  • Атай Иличбек уулу, чабуулчу

Видео: Азамат Каработоев