Бишкектин мэри Албек Ибраимов журналисттер менен жолугушуп, өзүнүн мэрлик кызматтагы 100 күндүк ишинин жыйынтыгын чыгарды — суроолор менен жооптордон турган 100 мүнөттүн ичинде ал түз шайлоолорду колдоп, ЦУМдун алдындагы мажүрүм талдар кыйылбай тургандыгын убадалап, шаардагы маршруттук таксилер троллейбустар менен автобустарга алмаштырылаарын билдирди.

Ибраимовдун маалымат жыйынынын толук көчүрмөсү:

Баяндоо Kloop.kgнин кабарчысы Александра Титованын атынаны жүрөт.

Саат 11ге карата Бишкек мэриясынын жыйындар залына калаа башчысын күткөн 30га жакын журналист чогулду.

Мэр — президенттин жакын санаалашы жана КСДПдан талапкер — Албек Ибраимов мэрликке ушул жылдын февралында шайланып, ал кызматта 100 күндөн ашык иштеди. Анын калаа башчысы кызматындагы ал 100 күндүк ишмердүүлүгү мэрдин журналисттер менен жолугушуусуна себеп болду.

Ибраимов жыйындар залына 10 мүнөт кечигип кирип келди, операторлордун иретсиз коюлган техникаларын аралап өтүп барып, өз орунда отурду. Андан соң бир аз демин басып алып, журналисттерге жылмайып: «Баштадыкпы?» деди.

Бирок техникадагы мүчүлүштүктөрдөн жана кечигип жаткан бир нече журналисттердин айынан дароо баштоого мүмкүн болгон жок. Мэриянын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алманбетова «сүйүктүү «Пирамида» үчүн «дагы эки мүнөт баштабай турууну» өтүндү.

Бардык даярдыктар аяктагандан кийин Алманбетова журналисттер менен учурашты. Ибраимов маалымат жыйынын аткарылган иштер боюнча кыска отчету менен баштады, андан соң дароо эле суроо-жооп бөлүгүнө өттү.

— Бүгүн силерде суроо калбай калганга чейин бардыгына жооп берип кыйнайм! — деди мэр, а андан кийин маалымат жыйыны аяктаганга чейин бул фразасын дагы бир канча жолу кайталады.

Маалымат жыйындын негизги бөлүктөрү:

Троллейбустар менен автобустар көбөйөт

trolleybusy

Жыйын унаа тыгындары тууралуу узатылган суроо менен башталды  — «МИР» телекомпаниясынын журналисти мэр менен жолугушууга келе жатканда маршруттук таксилерден турган унаа тыгынына туш болгонун айтып даттанды. Ал бул көйгөйдү чечүү үчүн мэриянын эмне кыла тургандыгын сурады.

Ибраимов кыймылды жеңилдетүү үчүн түштүктөн түндүктү жана батыштан чыгышты көздөй параллелдүү магистралдар салына турганын айтып жооп берди.

— Биз жасап баштаган нерселердин биринчиси — бул жаңы конуштардагы жолдор, ал жерлерге да коомдук транспорт жетиши керек. Экинчиси  — бул […] параллель магистралдар, — деди мэр.

Ал мэрия учурда Бишкектин көчөлөрүндө 1800дөн 2000ге чейинки санда жүргөн маршруттук таксилерге альтернатива болчу троллейбустар менен автобустарды сатып ала турганын кошумчалады. Аны менен катар Ибраимов троллейбустарды сатып алууга жарыяланчу тендерде коомдук транспортто абаны муздатуу системасы болушу керек деген шарттардын болорун убадалады.

Бирок калаа башчысы мэрия шаардагы ал жеке траспорт түрлөрүнө ээлик кылган компаниялар менен кантип макулдашарын айткан жок.

Мэрия мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовдун кезинде эле шаар борборун маршруттук таксилерден тазалоону убадалаган, бирок азырынча ал убада ишке ашырыла элек — анда жеке маршруттук компаниялар шаар бийлигине каршы нааразычылыктарын билдирип башташкан.

Мэрди шаардыктар тандашы керек

Мен окурмандар тарабынан берилген суроолорду узатып баштадым, бирок басма сөз кызматы тарабынан жемеге кабылдым — мэрия бардык суроого жооп берүүнү убадалаганы менен алар учурда маалымат жыйынына катышып жаткандардан гана суроо берилиши керектигин билдиришти.

Акыры мэриянын кызыкчылыгын коомдук кызыкчылык жеңип чыкты — мен окурмандардын суроолорун өзүмдүн атыман берип баштадым жана Ибраимов аларга жооп берүүгө макул болду.

Мэрди түз шайлоо (шаардыктар калаа башчысын өзүлөрү шайлашат) жөнүндө кандай пикирде экендиги тууралуу берилген алгачкы суроого ал идеяны колдой турганын айтып жооп берди.

— Эгер ал мыйзам түрүндө кабыл алынса, анда мен ага түшүнүү менен мамиле кылам, анткени чынында эле мэрди эл өзү тандашы керек, — деди ал.

Ибраимов эгер ал шайланган кезде мэрди шайлоо түз болгондо, анда бишкектиктер аны колдоп добуш бермек эмес деп эсептей турганын кошумчалады.

Кийинчерээк, маалымат жыйыны аягына чыгып калганда мэр ал идеяга кайрылып, адамга «презентациясы боюнча эмес, а кылган ишине карап баа берүү керектигин» кошумчалады.

— Жумуш мени таптакыр чочулаткан эмес, бирок алгачкы күндөрү көбүнүн мени билбей туруп эле жаман жагыман көрсөтүүгө аракет кылгандыктары капалантты. Адамга анын презентациясы боюнча эмес, а аткарган иштерине карап баа берүү керек. Укмуштай сонун кылып презентация жасап койсо болот да, — деди Ибраимов.

Сейил бактарындагы курулуштар жөнүндө

parki

Сейил бактардын аймактарындагы мыйзамсыз курулуштарга бир нече суроолор сериясы арналды — андай аймактардан жер тилкелеринин бөлүнүп берилишинен улам Бишкектеги сейил бактардын аянттары акыркы он жыл ичинде дээрлик эки эсеге кыскарган.

Журналисттерди сейил бактарындагы имараттардын сүрдүрүлөөр-сүрдүрүлбөсү кызыктырды — мэрия маалымат жыйынына бир күн калганда Жеңиш сейил багындагы мыйзамсыз курулган кафени буза турганын билдирген.

Ибраимов жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүп берүү көрүнүштөрү 2010-жылга чейин болгонун айтты.

Ибраимов чөнтөгүнөн жүз аарчысын алып, чекесиндеги терин сүртүү менен мэрия имараттарды соттун чечиминен кийин гана сүрдүрө алаарын билдирди.

— Эгер сот алардын алган кызыл китептери мыйзамдуу болгон деп эсептесе, анда ал имараттар ордуларында калат, — деди мэр.

Ибраимов мэрия көп кабаттуу турак-үйлөрдүн курулушуна жаңы жер тилкелерин аныктаганын билдирди. Анын айтымында, Бишкек «жогору көздөй өсүшү керек».

ЦУМдун алдындагы мажүрүм талдар кыйылбайт

ivy

Маалымат жыйынынын жүрүшүндө журналисттер Ибраимовдон Бишкектеги бактардын абалдары тууралуу суроолорду узатышып, эмнеге борбордо өсүмдүктөрдү көп кыйып баштагандыктарын сурашты.

Журналисттер шаар бийлиги оргумаларды реконструкциялоо үчүн кыюуну сунуштаган ЦУМдун алдындагы үч мажүрүм талды мисал кылышты.

Мэр мажүрүм талдар кыйылбай турганын убадалады. Бишкек бийлиги аларды сактап калуунун убактылуу ыкмаларын табышкан, бирок Ибраимовдун айтымында, ал бактарды сактап калуу үчүн кийинчерээк «заманбап ыкмалар» пайдаланылат.

— Азыр куруучулар мажүрүм талдарды бетон менен курчап коюшту, бирок кийинчерээк кыйла ыңгайлуураак болгон башка ыкма колдонулат, — деди ал, бирок кеп кандай ыкмалар жөнүндө болуп жатканын кошумчалаган жок.

Мэрдге эмнеге бактар көп кыйылып башталганы жана авариялык абалдагы бактарды эмне кылуу керектиги жөнүндө төртүнчү жолу суроо узатылганда Ибраимов бир аз чарчап калгандай көрүндү.

— Бизди бактарды ырайымсыз кыйып жатат деп айтууга болбойт, — деди мэр өзүн кармай албай. — Алардын ордуна биз үч эсе көп отургузуп жатабыз.

Ал мэрия сейил бактарына 15 миңден 20 миңге чейин бактарды отургузуп, жол жээктерине отургузуу үчүн өсүмдүктөрдүн кайсыл түрүнүн борборго көбүрөөк пайда алып келээрин аныктап жатканын кошумчалады.

Исанов көчөсүндөгү веложолдор курчалат

velodorozhki

Мен мурдагы мэр маалында айрым борбордук көчөлөргө сызылган веложолдор жөнүндө суроо узаттым. Көйгөй авто сүйүүчүлөрдүн ал веложолдорду таптакыр көзгө илбей, аны унаа токтотуу оруну катары пайдаланып жаткандыктарында.

— Азыр унаалардын тыюу салынган жерлерге токтотулушу өтө актуалдуу көйгөй, алар көбүнчө веложолдорго токтотушат. Мындай көрүнүштөрдү токтотуу үчүн мэрия кандай аракеттерди көрөт? — деп сурадым мен.

— Мисалы, Токтогул көчөсүндө жалаң кафелер менен мекемелердин турганын көрүп жатасыңар. Анда альтернатива жок, ошондуктан веложолдор иштебей жатат. Ал районду куруп жатканда тротуарлар үчүн орун калтырышкан эмес, — деп жооп берди мэр.

Ал Исанов көчөсүндө «туура» веложолдор болорун кошумчалады — унаалар велосипедчилерди уруп кетпесин деп коопсуздук максатында алар курчалат.

Жолбун иттерди атуу уланат

Жыйындын соңунда басма сөз катчы Гуля Алманбетова иш-чараны тезирээк бүткөрүүгө аракет кылып, журналисттерге суроо берүүнү токтотуу керектигине ишара кылды. Бирок Ибраимов аягына чейин жооп бере турганын дагы бир жолу кайталап, дагы бир нече суроонун берилишине мүмкүндүк берди.

Акыркы суроолор Бишкек менен анын айланасындагы жолбун иттердин атылышына байланыштуу болду — бир нече ай мурда бул көйгөй жандыктарды атууну токтотуу боюнча жарандардын кол топтоосуна чейин жеткен.

— Келечекте мэрия иттерди атуудан баш тартабы? — деп суроо узатты «Занозанын» журналисти.

Ибраимов альтернатива жок болгондуктан 2016-жылдын аягына чейин мэрия иттерди атуудан баш тартпай турганын айтты.

— Бүгүн атып жатышат, а эртең баш калкалоо жайы үчүн кармагыдай болушу керек, — деп жооп берди мэр. — Статистика Бишкекте 30 миңден 70 миңге чейинки сандагы жолбун иттердин бар экендиги жөнүндө айтууда жана алар дайыма көбөйүп жатат. […] Физикалык жактан аз убакыттын ичинде аны токтотуп коюуга мүмкүн эмес. Биз атуудан толугу менен баш тартабыз деп айтууга болбойт. Аларды бычуунун заманбап ыкмалары бар, биз азыр ошол маселе менен таанышып жатабыз.

— А сиздин жаныбарларга бооруңуз ооруйбу? — деп улантты журналист.

— Боорум ооруйт. Алгач менин адамдарга боорум ооруйт, андан кийин гана иттерге. Приоритеттерди белгилеп алуу керек. Мына азыр биз иттер менен бактар жөнүндө айтып жатабыз, бирок кандай гана баалуу бак болбосун эгер ал кулап кетип адамды басып калса, анда мен анын коркунуч жаратып турушун эмес, а алардын кыйылышын колдойм. […] Качан тандоо укугу турганда албетте дайыма адамдарды тандайбыз, — деп жыйынтыктады мэр.

Басма сөз катчы акыркы жолу «Ушуну менен аяктадыкпы?» деп сурады жана маалымат жыйыны аяктады. Ал журналисттерге ыраазычылыгын билдирип, мэрия менен WhatsApp, «Фэйсбук» жана 185 линиясы аркылуу байланышууга болорун айтты.