9-июнда «Ынтымак» телерадиокомпаниясы тарабынан жарыяланган видео социалдык түйүндөрдө талкууларды жаратты. Бир мүнөттүк тасмада жыйын маалында уктап отурган чиновниктер менен Ош шаардык кеңешинин депутаттары көрсөтүлгөн.

9-июнда «Ынтымак» телерадиокомпаниясы Ош шаарынын өнүгүүсүнүн стратегиялык планы талкууланып жаткан жыйын маалында чиновниктер менен депутаттардын уктап отургандыктары тартылган видео жарыялаган.

Видеонун сүрөттөлүшүндө жыйынга Ош шаардык кеңешинин депутаттары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилери, ошондой эле бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү катышканы көрсөтүлгөн.

«Ынтымак» Оштун мэри Айтмамат Кадырбаевдин жыйынга келбегендигин, а шаардык кеңештин төрагасы менен вице-мэр талкуу башталаар алдында чыгып кеткендиктерин жазды.

Тасма социалдык түйүндөрдө ар түрдүү пикирлерди жаратты. «Фэйсбуктун» Максатбек Амангелдиев аттуу колдонуучусу ал көрүнүшкө ошондой чиновниктерди шайлап алган жарандардын күрөөлүү экенин жазды.

«Мына, 500-1000 сомго алданып шайлаган чиновниктер. Же 500-1000 сом албасаңар дагы биздин келечекти ойлоп катуу иштеп отургандар. Ушуларды көрүп анан кантиип.....кантиииип?», — деп жазды ал.

Ильяс Абдыраимов аттуу колдонуучу телерадиокомпаниянын журналисттерин чиновниктерди «жаман көрсөтүүгө» айыптады.

«Ал семинарга мен жеке өзүм катыштым жана сиздер көрсөткөн кадр бул кофе-брейк учурундагы көрүнүш. Анда эмнеге кофе ичпей эс алып, бири бири менен сүйлөшүп, телефон чукулап олтурат дешиңиздер мүмкүн, себеби ал семинардын катышуучуларынын көпчүлүгү орозо кармагандыктан кофе ичкени чыкпай өз иши менен алек болуп эс алып олтурушту», — деп жазды ал.

«Ынтымактын» редакциясы колдонуучунун пикирине кофе-брейк менен орозо — бул «актануу сөздөрү» экенин жазып жооп берди.

«Бул болгону микровидео. Эгер кааласаңар, музыкасы жок, доклад окулуп атканда уктап отургандарын, (бул микровидеодо деле ошол эле кадрлар), доклад окулуп атканда телефондон сүрөттөрдү карап аткандарын, телефон чукулап аткандарын, бири бири менен шыбырашып сүйлөшүп аткандарын жарыялайлы. Анда мындан катуу болот. Актансаңар ошондо көрөлү, аны кантип катаар экенсиңер. Биз дагы жумшагыраак кылып чыгарганга ыраазы болсоңор болмок», — деп жазды басылма.