15-июнга караган түнү Бишкек шаардык ИИББсинин кызматкеринин башкаруусундагы автоунаа чырак мамысына сүзүлдү. Милиционер каза болду, жубайы менен кызы оор абалда ооруканада.

Алма-Ата көчөсүндөгү кырсык 14-июндан 15-июнга караган түнү болду — «Ниссан» үлгүсүндөгү унаа чырак масымына сүзүлүп, анын жыйынтыгында айдоочусу каза болду.

Күбөлөр Kloop.kgге кырсыкка учураган унаа милиция кызматкеринин башкаруусунда болгонун билдиришти. Алар айдоочусу милиция формасында болгонун айтышты.

Бишкек ИИББсинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев Kloop.kgге каза болгон адам милициянын кадрлар бөлүмүндө иштегендигин ырастады.

Кырсык болгон маалда унаанын ичинде анын жубайы жана беш жаштагы кызы бар болгон, алар түрдүү деңгээлдеги жарааттарды алышты. Казабаевдин айтымында, кырсыкка жолду кесип өтүүгө аракет кылган жөө адам себеп болгон.

«Ал үй-бүлөсү менен үйүнө бара жатканда белгисиз адам жолдон чыга калган. Айдоочу аны айланып өтүүгө аракет кылып бакка барып сүзүлгөн. Алган жарааттарынан биздин кызматкер ошол жерде эле каза болду, а жубайы менен кызы ооруканага жеткирилди», — деди ал.

Нурлан аттуу күбө Kloop.kgге автоунаа катуу — болжол менен саатына 150 чакырым ылдамдык менен бара жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, унаанын айдоочусу жол чыракка жеткенде токтоого жетишпей калган.

Автоунаанын жүргүнчүлөрү — 25 жаштагы жубайы менен беш жаштагы кызы — ооруканада. Алардын абалдары оор деп бааланууда.

Автор: Азамат Каработоев