Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Казакстандын маданият министрине видеокайрылуу жолдогон эки кыргызстандык айымга президент Атамбаевдин атынан акчалай сыйлык тапшырды. Алар Орусиядагы коомдук дааратканаларды тазалап жүргөн кыргызстандыктарга боору ачый тургандыгын билдирген казак министринин сөздөрүнөн кийин ага кайрылуу жасашкан.

Дипмиссиянын пресс-атташеси Гүлбарчын Байымбетова Kloop.kgге «жигердүү жарандык позициясын» билдиргендиги үчүн элчи Болот Отунбаев эки кыргызстандык айымга — Рысалат Карабаева менен Гүлжамал Кожоевага 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык жана ыраазычылык катын тапшырганын айтты.

Эки кыргызстандык тең жыйнаштыруу-тазалоо кызматтарын көрсөтүү менен алектенген компанияда иштешет. Алар 2016-жылдын майынын аягында Орусияда даараткана жууп жүргөн кыргызстандыктарга боору ачый тургандыгы жөнүңдөгү пикирин билдирген Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедиулына видеокайрылуу жасашкан.

Өз кайрылуусунда алар «ак эмгеги» менен акча иштеп таап, өлкөнүн «экономикасына салым кошуп жаткандыктарын» айтышкан.

«Ажаткана жуусак дагы ак эмгегибиз менен жууп жатабыз. Денебизди саткан жокпуз, ушинтип бала-чакабызды багып иштеп жүрөбүз. Аны менен өзүбүздүн Кыргызстаныбыздын экономикасына салымыбызды кошуп жатабыз. Мен казак министринин айтканына кошулбайм, ал туура эмес. Бул жерге бардыгы жыргаганынан келген жок, баары эле ак эмгеги менен бала-чакасын багалы деп жүрүшөт», — деп билдиришкен алар.

Казакстандын маданият министри Арыстанбек Мухамедулы 23-майда Астананын жашоочулары менен болгон жолугушуусу маалында айткан сөздөрү үчүн социалдык түйүн колдонуучуларынын сынына кабылган — ал башка өлкөлөрдөгү төмөнкү жумуштарда иштеп жүргөн кыргызстандыктарга абдан боору ачый турганын айткан.

«Москвага же дагы башка шаарларга барганда коомдук даараткананы жаш кыздар, биздин коңшулар тазалап жатканын көрүп аларга бооруң ачыйт», — деген ал.

Министрдин ал пикирин социалдык түйүндөрдүн кыргызстандык гана эмес, а казакстандык колдонуучулары да талкууга алышкан.

Анда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Мухамедулынын сөздөрүн «кемсинтүүчү» деп атап, Казакстан бийлигине нааразычылык нотасын жөнөткөн.

«А.Мухамедиулынын Кыргызстан коомчулугунун терс пикирлерин жаратып жаткан Кыргыз Республикасына карата айткан кемсинтүүчү жана салмакталбаган билдирүүсү жалпысынан эки өлкөнүн ортосундагы өз ара мамилеге ылайык келбей тургандыгы белгиленди», — деп жазылган ТИМдин билдирүүсүндө.

Казак министринин айткандарына карата кыргыз депутаттары да өз реакцияларын жасашкан — КСДПдан Рыскелди Момбеков менен «Ата Мекенден» Алмамбет Шыкмаматов Мухамедиулыны ээлеген кызматынан бошотуу талабы менен Казакстандын өкмөтүнө кат жөнөтүүнү сунушташкан.

Кийинчерээк казак министри өзүнүн орун басары Галым Ахмедьяров аркылуу кыргызстандыктардан кечирип сураган.