Президент Алмазбек Атамбаев менен Германиянын канцлери Ангела Меркель 14-июлда биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшүп, эки өлкөнүн кызматташуусу, Аскаровдун ишинин кайрадан каралышы, радикалдашуу жана хиджаб кийген кыз-келиндер тартылган «чагымчыл» жарнак такталары жөнүндө кеп кылышты. Эки өлкө лидерлеринин маалымат жыйынына 70ке жакын кыргызстандык жана эл аралык журналисттер катышышты, бирок ЖМК өкүлдөрү бир нече гана суроо узата алышты.

«Чагымчыл» жарнак такталары жөнүндө

Суроолордун бири Меркелдин келээрине бир күн калганда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө пайда болгон жарнак такталарына арналды. Бир бөлүгүндө кыргыздын салтуу кийимдерин, экинчисинде паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү жайгаштырылып, «Кайран элим, кайда баратабыз?» деген сөздөр менен коштолгон жарнак такталары динге ишенгендердин нааразычылыктарын жараткан. Теолог Кадыр Маликов аларды «чагымчыл» деп атап, укук коргоо органдарын аларда дин аралык кастыкты козутуунун бар-жоктугун текшерип чыгууга чакырган. Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып жарнак такталары идеясын колдоп, ошондой эле сүрөттөрдү Кыргызстандын бардык жерине жайгаштырууну тапшырганын айтты. «Мен бүгүн президенттин аппарат жетекчисине андай такталардын Кыргызстандын бардык аймактарында илиниши үчүн аларга каражат жагынан жардам берүүнү тапшырдым. Бул исламизация эмес, келгиле араб, пакистан, бангладеш жана башка үчүнчү маданиятты кыргыздыкы менен адаштырбайлы»», — деди ал. Президенттин пикиринде, динди себеп кылуу менен кыргызстандыктарга «жат маданият таңууланып жатат»,  ошол эле маалда кыргызстан өз маданиятын сактап калуусу керек. Ал Кыргызстандын — светтик өлкө экенин эске салып, мамлекет дин маселелерин көзөмөлдөөдөн «бир аз кечигип калганын» айтты. «Биздин өзүбүздүн кийимибиз бар. Бизде айрым сөздөрдү башка тилдеги сөздөр менен алмаштырууга аракет кылып жатышат. […] Анда [жарнак такталарында] эч ким жөнүндө жаман айтылган жери жок. Болгону үч сүрөт жана "кайда баратабыз?" деген чакырык. Бардыгы тең кийимден, бөтөн тилден башталат, анан адамдардын баштарын алып башташат»», — деди президент.

Азимжан Аскаров жөнүндө

Президенттен 11чи жана 12-июль күндөрү иши кайрадан каралган укук коргоочу Азимжан Аскаров жөнүндө сурашты. Жогорку сот буга чейинки өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн жокко чыгарып, Аскаровдун ишин кайрадан кароого Ч үй облустук сотуна жөнөткөн. Соттун чечими Кыргызстан БУУнун комитетинин жазма буйругун аткарып, Аскаровду «тез аранын ичинде бошотуу» керектигин айткан коргоо тарапты да, өкүмдү күчүндө калтырууну талап кылган жабырлануучу тарапты да канааттандырган жок. Атамбаев журналисттерге Аскаровдун иши деталдуу түрдө кайрадан карала турганын айтты. Президент БУУнун баш катчысы Пан Ги Мунга кат жөнөткөнүн жана процесске катышуу үчүн эл аралык эксперттерди чакырганын билдирди. « Аны бошотуш керек деген чечим жок, абакта кыйнашкан, объективдүү эмес тергөө жүргөн жана басым алдында объективдүү эмес сот отуруму болгон, ошондуктан сот БУУнун комитетинин чечмин, конституцияны эске алуу менен ал ишти кайра карап чыгат деген чечим бар»», — деди ал. Меркель Атамбаев ага Аскаровдун ишинин «ачык-айкын» карала тургандыгын убадалаганын билдирди.

Евробиримдик менен кызматташуу жөнүндө

Маалымат жыйынында Атамбаев Кыргызстан Евробиримдик менен кызматташууну каалай турганын билдирип, мисал катары коңшу Казакстанды келтирди. «Евробиримдикке кошулуу боюнча маселе оор, бирок мен албетте бул жагынан Кыргызстанга колдоо көрсөтөм», — деп жооп берди Меркель. Президент ошондой эле Орусия менен Евробиримдикти антиорусиялык санкциялардын айланасында компромисс табууга чакырды, бирок канцлер ал үчүн «белгилүү бир убакыт» өтүшү керектигин билдирди. «Биз дүйнөнүн абдан бош, начар болуп калганы жөнүндө сүйлөштүк...Мен евразиялык өлкө катары Украинадагы кагылышуулардын кесепеттерин сезип жаткандыгыбызды, Европа менен Орусиянын ортосундагы мамилелердин каатчылыгын сезип жатканыбызды айттым. Биз талаш-тартыштарды тезирээк чечилишин каалайт элек», — деди Атамбаев. Германиянын канцлери Ангела Меркель президент Атамбаевдин чакыруусу боюнча расмий сапары менен Кыргызстанга биринчи жолу келди. Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-герман мамилелерин, аймактык коопсуздукту, ошондой эле коомдун радикалдашуусу жана терроризм көйгөйлөрүн талкуулашты. Канцлердин келээрине бир күн калганда «Озодагон» тажик маалымат агенттиги жеке булактарына шилтеме жасоо менен Ангела Меркель Атамбаев менен болгон жолугушуусунда сириялык качкындар үчүн Кыргызстанда тандоо лагерлерин ачуу маселесин көтөрүшү мүмүндүгүн жазган. Бирок ал маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги четке какты. Маалымат жыйынынын толук видеосу https://youtu.be/bJngwpmf9_c

 Тексттик трансляция:
 

Авторлор: Айзирек Алмазбекова, Александра Ли, Айжамал Идирис Видео: Азат Рузиев Сүрөт: Азаттык