«Насаат медиа» ислам порталы тарабынан жарыяланган видеодо жоолукчан кыздар «исламдын баалуулуктарын сактап жаткандыктарын» айтышкан. Ал видео салттуу кыргыз кийимдери менен паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөтү тартылып, Бишкектин көчөлөрүнө жайгаштырылган жарнак такталарына жооп болду.

Жарнакты илгендерге жооп катары тартылган видеодо жоолукчан кыздар «Кайда баратабыз?» деген суроого жооп беришет. Алар салттуу кыргыз музыкасынын коштоосунда «ислам баалуулуктарын сактап», «Аллахтын мыйзамдарын аткарып» ошол эле маалда «ата-бабалардын жолун жолдоп бара жаткандыктарын» айтышкан.

«Биз назиктик менен чыныгы сулуулукту сактоо жолундабыз […] Биз илим алып, аларды кыргыз элине жеткиребиз […] Биз хирургдун бычагынын алдына жатпайбыз […] Биз укум-тукумубузду сактап, көбөйтүүнүн жолундабыз, биз балдарды аборт менен өлтүрбөйбүз», — деп айтышкан видеодогу кыздар.

Видео интернетке 14-июлда жарыяланып, бир сутканын ичинде аны 30 миңден ашык киши көргөн. Аны менен эки миңге жакын киши бөлүшүп, жүздөн ашык пикир жазылган, алардын көбү видеону колдоп, жактырган пикирлер.

Тема боюнча: Бектур Искендер — Кыргыз аялдары кандай кийиниши керек?

Kloop.kgнин кабарчысы «Насаат медиа» менен байланышты. Анын аты-жөнүн билдиргиси келбеген өкүлү видео Бишкектин көчөлөрүндөгү жарнактарда көрсөтүлгөн кыз-келиндерден айырмаланган «чыныгы мусулман аялдарды» көрсөтүү максатында тартылганын айтты.

«Мисалы, сиз күнүмдүк жашооңузда элечек кийет белеңиз? Видеодо баштарын жаап, элечектин ордуна жоолук салынган, узун көйнөкчөн кыздар, бирок алар жүздөрүн жабышкан эмес […] Заманга ылайык болуу керек, а күнүмдүк жашоодо элечек кийген эч кимди жолуктурууга болбойт. Ал видео абдан популярдуу болуп жатат, ал тынчтыкка чакырат. Биз кыргыз элинде тынчтык болсо экен дейбиз. Биз чатакташууну каалабайбыз. Биз тескерисинче, биримдикке чакырабыз», — деди ал.

Талаштуу жарнактар

Кыргыз кыз-келиндеринин улуттук кийимдерди жана паранжа кийген сүрөттөрү көрсөтүлгөн жана «Кайран элим, кайда баратабыз?» суроо менен коштолгон жарнактар Бишкекте 12-июлдан 13-июлга караган түнү пайда болгон. Мэриядан аларды илүүгө «Кыргызстандын патриоттору» аталышындагы агартуучулук фонд буйрутма бергенин билдиришти.

«Мэрияда жарнак такталарын ижарага бергендер жөнүндө гана маалыматтар бар […], жанагыл такталар жөнүндө айтсам, мен болгону алар «Кыргызстандын патриоттору» деген агартуучулук фонддун буйрутмасы менен жайгаштырылганын билем», ‒ деп билдирген мэриянын басма сөз кызматынын өкүлү.

Президент Алмазбек Атамбаев жарнамаларды илүү идеясын колдоп, Ангела Меркель менен биргеликте өткөргөн маалымат жыйынында андай жарнамаларды Кыргызстандын бардык аймактарына илүү үчүн акча бөлүп бере тургандыгын билдирген.

«Бул исламизация эмес, келгиле араб, пакистан, бангладеш жана башка үчүнчү маданиятты кыргыздыкы менен адаштырбайлы», — деди президент.

Жарнактар социалдык түйүндөрдө жана анын сыртында кызуу талкууларды жаратты. 14-июль күнү белгисиз адамдар Юнусалиев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жарнактардын бирин жулуп алууга аракет кылышкан. Бишкек шаардык ИИБсинин басма сөз кызматынан ал адамдарды издөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

Авторлор: Александра Титова, Айдана Канатбек