Бишкек мэриясы салттуу кыргыз кийимин кийген жана кыска юбкалар менен чолок шымчан кыз-келиндердин сүрөттөрү тартылып, алдына «Кайран элим, кайда баратабыз?» деп жазылган баннерди алууну убадалады. Шаардын борборунда 27-июлда пайда болгон ал баннер буга чейин паранжа кийген кыз-келиндердин сүрөтү менен илинген ушундай жарнакка жооп болду.

Салттуу кыргыз кийимин кийген жана кыска юбкалар менен чолок шымчан кыз-келиндердин сүрөттөрүнүн алдына «Кайран элим, кайда баратабыз?» деп жазылган жаңы баннер Бишкектин Байтик баатыр жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде 27-июлда пайда болгон.

Мэриядан муниципалдык кызматтардын уруксатысыз илингендиктен жарнактын алына тургандыгын билдиришти.

«Улуттук кийим жана кыска чолок шым кийген кыздардын сүрөттөрү түшүрүлгөн ал баннерлерди бизге айтпай эле илишкен», — деди мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Гуля Алмамбетова.

Анын айтымында, жарнак Target Production жарнама агенттиги тарабынан илинген, бирок азырынча тапшырык ээсинин аты-жөнү белгисиз. Бул боюнча агенттиктин өзүнөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.

«Биз бул баннерди илген «Target Production ЖЧКсы» агенттигинин ижарачысы эсептелген Азамат менен байланыштык. Ал бул ишке тиешеси жок экенин жана жарнакты кимдин илгенин тактай турганын айтты. Бирок кийинчерээк ал телефонун өчүрүп, биз аны менен байланыша албай калдык», — деди Алмамбетова.

Кыска чолок шымчан кыздардын сүрөттөрү бар бул баннер салттуу кыргыз кийимдерин кийген жана паранжачан кыз-келиндердин сүрөттөрүнүн алдына «Кайран элим, кайда баратабыз?» деп жазылган жарнактар өлкөнүн бардык аймактарына илинген соң пайда болду.

banner

Баннерлердин идеясы менен мазмунун президент Алмазбек Атамбаев колдоп, кыргызстандыктарды өз маданиятын эстен чыгарбоого жана аны «араб, пакистан жана бангладеш» маданияттары менен алмаштырбоого чакырган.

Ал жарнактар социалдык түйүндөрдө жана анын сыртында кызуу талкууларды жараткан. Дин ишмерлери — теолог Кадыр Маликов менен Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы — жарнактардын мазмунуна нааразычылыктарын айтышып, алардын диний аралык кастык жаратып жатканын билдиришкен.

Ал баннерлерге жооп катары «Насаат медиа» ислам порталы жоолукчан кыздар «ислам баалуулуктарын сактап жаткандыктарын» айткан ролик даярдаган.

Баннерлердин каршылаштары аларды жулуп алуу аракеттерин да көрүшкөн — июлдун ортосунда белгисиз адамдар Бишкектин Юнусалиев жана Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги жарнакты жулуп алууга аракет кылышкан. Андан бир жума өткөндөн кийин адамдардын тобу Сүлүктүнүн борборундагы баннерлердин бирин өрттөшкөн.

Автор: Зияра Асылбекова
Сүрөт: Zanoza