Бишкек: «Кайда баратабыз?» баннери «кыска чыңалуудан пайда болгон өрттөн» жарым-жартылай күйүп кетти

Шабдан баатыр көчөсүндөгү жайгашкан көпүрөдөгү «Кайран элим, кайда баратабыз?» билборду жарым-жартылай күйүп кетти. Бишкектин милициясы бул «кыска чыңалуудан пайда болгон өрттөн» экенин билдирди.

«Кайран элим, кайда баратабыз?» баннеринин жарым-жартылай өрттөлгөнү тууралуу маалымат «Вечерний Бишкек» сайтынын «Народные новости» бөлүмүндө жарыяланган. Бишкектин жашоочусу Александр баннердин «9-августка караган түнү өрттөлгөнүн» жазган.

«Бүгүн эртең менен Алматинка көчөсүнөн баратып, түн ичинде "Кайда баратабыз?" баннерин өрттөөгө аракет кылган караанды көпүрөдөн көрдүм…» — деп жазган ал.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде баннер атайын өрттөөдөн эмес, а «кыска чыңалуудан пайда болгон өрттөн» жарым-жартылай күйүп калганын айткан.

«Бул кырсык, болгону зымдар күйүп кеткен. Бул атайын өрттөө болушу мүмкүн эмес», — деди Бишкек милициясынын басма сөз катчысы.

«Кайран элим, кайда баратабыз?» чакырыгы жазылган, салттуу кыргыз кийимдерин кийген жана паранжа жамынган кыз-келиндердин сүрөтү тартылган баннер Бишкекте 13-июлда пайда болгон. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча баннерди «Кыргызстан патриоттору» фонду илдирген.  

Эртеси күнү билборддор дин өкүлдөрү тарабынан катуу сынга алынган — муфтият баннерлердин  мазмуну «чагымчыл» экенин айтып, а теолог Кадыр Маликов милицияны муну диний араздашууну жаратуучу суроо катары иликтөөгө чакырган.  

Бирок кийинчерээк, президент Алмазбек Атамбаев бул билборддорду колдоорун айтып, ушундай баннерлерди бүтүндөй Кыргызстандын аймагына илүү үчүн каражат бөлүп берүүгө тапшырма берген.

«Келгиле, маданияттарды чаташтырбайбыз — арабдыкын, пакистандыкын, дагы бангладештикин, экинчисин, үчүнчүсүн кыргыз маданияты менен», — деген президент.

Президенттин кайрылуусунан кийин салттуу кыргыз кийимдерин кийген жана паранжа жамынган кыз-келиндердин сүрөтү жайгашкан билборддор Кыргызстандын баардык облустарында илинген. Ага карабастан баннерлерди баардык эле жерде бирдей кабыл алышкан эмес. Сүлүктүдө жергиликтүү жашоочулар билбордду өрттөө аракетин жасашкан.