Риодогу олимпиадалык оюндарда ийгиликтүү таймашкан Кыргызстандын спортчулары акчалай байге алышат.

Рио-де-Жанейродо Олимпиадалык оюндар 5-августа башталган. Кыргызстан курамасында учурда оор атлетикадан бир гана коло медаль бар.

Оор атлетчи Иззат Артыковго коло медалы үчүн эки батир, 3 жарым миллион сом жана өмүр бою 15 миң сомдон стипендия, ошондой эле Toyota Corolla унаасы берилет.

Иззат Артыковдун башкы жана жеке тренери 875 миң сомдон алышат.

Бешинчи орунду алган Айсулуу Тыныбекова менен Арсен Эралиев 1 миллион сомдон алышат.

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков 250 миң сом алат.

Дзюдочу Юрий Краковецкий 800 000 сом жана дагы эки жыл ай сайын 25 миң сомдон алат.

Спортчунун башкы жана жеке тренерине 200 000 сомдон.

Дзюдочу Отар Бестаев 9-орун үчүн 15 000 сомдон ай сайын алат.

Жеңил атлетчи Дарья Маслова 19-орун үчүн ай сайын 8 000 сомдон алат.