Видео: Боорсок кантип даярдалат?

Боорсок — кыргыздын эң негизги тамактарынын бири, ансыз бир дагы той өтпөйт. Kloop.kg боорсокту кантип тез жана оңой бышырууну үйрөтөт.

Боорсокту майрамдык дасторконго кенен коюу — кыргыз салтанатынын негизги атрибуту. Бирок бул даамдуу жана жөнөкөй тамакты майрамсыз деле жасап жегенге эчтеке тоскоол боло албайт.

Дасторконго азыраак боорсок жасаш үчүн төмөндөгүлөр талап кылынат:

  • ун — 300 грамм;
  • каймак май — 70 грамм;
  • сүт — 150 миллилитр;
  • өсүмдүк майы — 150 миллилитр;
  • жумуртка — эки даана;
  • туз — бир чай кашык;
  • кумшекер — эки чай кашык;
  • кургак ачыткы — бир чай кашык.

Идишке унду, каймак майды, сүт, жумуртка жана ачыткыны салып аралаштырабыз. Шекер менен тузду кошобуз.

Камырды жууруп, үстүн жылуулап жаап жарым саат тыныктырабыз.

Камырды жаябыз. Анын калыңдыгы 0,7 милиметрден ашпашы керек. Узун-туурасын 3-4 сантиметрлик кылып кесебиз. Камырды курч бычак менен кесебиз. Кооздоп кесүүчү бычакты колдонсо да болот.

Отко түбү калың казанды коюп, майды куябыз.

Май кайнагандан кийин ага камырды салып бышырабыз. Бышырып жатканда кепкир менен аралаштыруу керек.

Камыр кызарып куурулганда боорсок даяр. Кагаз майлыкка чыгарып койсо ашыкча майды соруп алат.

Боорсокту чоң табакка салып, ысык чай, айран, кыям же каймак менен жешет.

Тамагыңыз таттуу болсун!

Видео: Азат Рузиев, Александра Ли, Тилек Бейшеналы уулу.