Кыргыз тасмасы Монреаль фестивалында сыйлыкка ээ болду

Кыргыз режиссёрлорунун толук метраждуу «Атанын керээзи» тасмасы Монреалдагы «Алтын меридиан» кинофестивалынын «көркөм тасма» категориясында баш байгени алды.

Сыйлык тапшыруу Канаданын Монреаль шаарында 5-сентябрда өттү. Кыргызстандыктар «Алтын меридиан» сыйлыгына жана 50 миң АКШ долларына ээ болушту.

Тасманын режиссёру Дастан Жапар уулу Kloop.kgге айтканындай, фильмдин башкы каарманы чет өлкөдөн өз мекени Кыргызстанга кайтыш болгон атасынын карыздарын төлөө үчүн кайтып келет.

Кинодо ата-энеси менен АКШда 15 жыл жашап, кийин Кыргызстанга келген жаш жигит тууралуу баяндайт. Ал өзү туулуп өскөн айылга Америкада көз жумган атасынын акыркы керээзи болгон карыздарын төлөө үчүн келет.

Кыргызстанга келгенде ал үйү жана чарбасы каралбай калганын, атасынын иниси жана туугандары туулуп өскөн айылын таштап кеткенин көрөт. Башкы каарман каралбай калган үйдү кайра тургузуп, атасынын карыздарын төлөп берет. Бир убакта анын атасы үчүн түрмөдө отуруп чыккан иниси пайда болот. Бул жолугушуу негизги суроого жооп берүүсү керек — атасы өзү чындыгында башкы каарманга эмнени керээз айтып кеткен эле.

Bezymyannyj1

Тасманын продюсери Талантбек Төлөбеков «Кабар» басылмасына айткандай, Монреаль кинофестивалына катышуу — бул «кыргыз киносунун чоң жетишкендиги». Бул кинофестиваль жогорку «А» классына ээ.

«Атанын керээзинин» оператору Акжол Бекболотов Kloop.kgге айткандай, фестивалга катышуу үчүн дүйнөнүн бардык бурчтарынан арыздар келип түшөт.

«Монреаль фестивалына катышуу үчүн 3000ден ашык фильм жөнөтүлөт, алардын ичинен болгону болжолдуу 30у гана тандалып алынат», — деди ал.

Тасманы «Үмүт» жаштар киносунун форумунда көрүүгө болот. Форум Бишкекте 2016-жылдын 28инен 31-октябрына чейин өтмөкчү.

Bezymyannyj4

Эл аралык монреаль кинофестивалы — Канаданын эң эски кинофестивалдарынын бири. Андан сырткары фестиваль Түндүк Америкадагы Кинопродюсерлер ассоциациясынын эл аралык федерациясы (FIAPF) тарабынан аккредитациядан өткөн жарыш кинофестивалы болуп саналат.

Кинофестивалдын максаты — маданий ар түрдүүлүктү жана өлкөлөр аралык түшүнүүчүлүктү колдоо.

2015-жылы кинофестивалда кыргыз режиссёру Дальмира Тулепбергенованын «Асман алдында» тасмасы катышкан. Тасма «Калыстар өзгөчө сөзгө алган» дипломуна татыган.

Соавтор: Ханзаада Нурадилова