«Саз менеджери» деп таанылган челябинсктик мектеп окуучусу Игорь Назаров Ысык-Көлдө офис клерки болуп сүрөткө түштү. Баш байгеси Кыргызстанга саякат болгон сынакта жеңилип калгандан кийин аны Көчмөндөр оюндарына чакырышты.

Kloop.kgнин кабарчылары үчүн ал интернет мейкиндигинде таанылып калган өз фотосессиясын кайталап берди. Ал Ысык-Көлдө столдо отуруп, кеңсе кызматкери болуп сүрөткө түштү.

14273536_1271448499556700_1609326959_o-1068x601

Туризм департаменти Назаровду аны «Салам столбняк (Здравствуй столбняк)» конкурсунда жеңилип калгандан кийин Көчмөндөр оюндарына чакырышты. Сынактын байгеси 15 миң рубль же Кыргызстанга саякат болчу.

Бул сынак үчүн ал өзгөчө фотосессия кылган — бизнесмен костюмунда саз ичиндеги столго отуруп сүрөткө түшкөн. Анын бул сүрөттөрү интернетте популярду болуп, окуучуну болсо «саз менеджери» деп атай башташкан.

m7SPMgfW1Ck__

Назаровдун жеңилишине көңүлү калган кыргызстандыктар аны Көчмөндөр оюндарына чакырууну сунуштаган. Ал Кыргызстандын табиятына таң калганын Kloop.kgге айтты.

«Мен Уралда жашасам да, тоолордон узакмын, мындай тоолорду мен биринчи жолу көрүп жатам. Алардын чокусунда кар жатат, астында болсо таза дарыялар агат. Абдан кооз экен», — деген ал.

Окуучунун айтымында, Туризм департаменти анын билетин, тамак-ашын жана жашаганын төлөп берген. Анын өз чыгымы Көчмөндөр оюндарын тышкары экскурсияларга гана кеткен.

Тема боюнча:

Башкы сүрөт: Александра Ли
Видео: Азат Рузиев