Видео: Кыргыз джаз бэнди «Salt Peanuts» Вашингтондо

«Туздуу жаңгак» (Salt Peanuts) кыргыз джаз тобу 10-сентябрда Кеннеди борборунда классикалык джаз хиттерин, өздөрүнүн ырларын жана «Маш ботойду» аткарып концерт коюшту.

«Туздуу жаңгак» тобу Вашингтондогу Жон Кеннеди атындагы аткаруучулар көркөм өнөрү борборунда Чарли Паркердин, Майлз Девистин жана Диззи Гиллеспинин чыгармаларын аткарышты.

Музыканттар ошондой эле кыргыздын улуттук аспаптары менен өздөрү чыгарган чыгармаларды, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү аткарып беришти.

Америкалык The Economist журналы 7-сентябрдагы макаласын «Туздуу жаңгактын» чыгармачылыгына жана алардын солисти Бакыт Кадыкбаевге арнады. Макалынын автору Франко Галдини СССРди жана ошол мезгилдеги музыканттын жашоосун кенен чагылдырып, джазды ойногонго мүмкүн эле, бирок акырын жана жарыялабай эле деп баяндайт.

Жаш кезинде Кадыкбаев «Америка үнүн» түнү менен укканын айткан. The Economistке интервью берип жатып ал джаз буга чейин уккандардын эч бирине окшош эместигин айткан. Музыкант скрипка боюнча окуусун таштап коюп барабанда ойногонду үйрөнүп алган.

Кадыкбаев концерттин алдында бир гана Вашингтондогу коюлчу концерт жөнүндө ойлонуп жатканын айткан: «Кыргыз тобу бул музыка жаралган АКШ өлкөсүндө джаз коёт. Бул менин кыялым, чыныгы бактым», — деп айткан маек куруп жатып.