Боёлгон арчалар жана митингдерге тыюу салуу. КМШ саммитине Бишкектин даярдыгы кандай?

«Ызы-чууну өткөрбөөчү» дубалдар, боёлгон имараттар, митингдерге тыюу салуу — мунун баары 16-сентябрда Бишкекте өтүүчү КМШ өлкөлөрүнүн башчылары чогулуучу саммиттин алдында аткарылган иштер.

КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммити 16-сентябрда Бишкекте өтөт. Президенттердин «коопсуз» жолугушуусу үчүн Бишкек бийлиги түрдүү чараларды көрүүдө.

«Ызы-чууну өткөрбөөчү» дубалдар жана кээ бир имараттардын сырткы көрүнүштөрүн оңдоп-түзөөдөн өтүүсү, боёлгон арчалар жана митингдерге киргизилген чектөөлөр саммитке байланышпаган коомдук пикирди жаратты.

«Чуутосмолор»

Бишкек бийлиги Жибек-Жолу жана Фучик көчөлөрүндө «ызы-чууну өткөрбөөчү» дубалдарды орнотту. Мэриянын билдирүүсү боюнча, бул тосмолор «жашоочулардын ыңгайлуу жашоосу жана жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздугу үчүн» курулганын.

Ал эми коомдук тармактарда, тосмолор шаардын иретсиз көрүнүшүн жабуу жана ызы-чууну уктурбоого болгон аракет деген күмөн ойлорду жаратты.

Тема боюнча: Видео: Бишкектеги жаңы тосмолор — «чуутосмобу» же «потемкин айылыбы»?

Башкы прокуратура имаратындагы жаңы баннер

2010-жылдагы апрель ыңкылабында күйүп кеткен Башкы прокуратуранын имаратын жаңы баннер менен жаап коюшту. Имарат азыр колдонулбай турат.

Ал 1000 чарчы метр аянтты ээлеп, шаардын так ортосунан, Ала-Тоо аянтынан орун алган. Имарат 2013-жылдын август айларында сүрүлүшү керек болчу.

Боёлгон арчалар

«Манас» аба майданына алып баруучу жолду оңдоо менен Ата-Бейит мемориалдык комплексине чейинки жолдун боюна арча-карагайлар эгилди. Бирок дарактар куурап, саргайып кетти. Бийлик болсо, дарактардын жолго көрүнө турган тарабын жашыл кылып боёп койду.

Жергиликтүү жумушчулар эки түстүү арчаларга таң калышкан деле жок. Алар арчаларды спрей менен боёп жатышканын көргөндүктөрүн «Настоящее времянын» журналисттерине айтып беришкен. Ал эми боёп жаткан адам «витамин» жана «жер семиртүүчү» деп түшүндүргөн.

«Ал боёкту чачып жүрдү, түгөнгөндө кетип калды», — дешет жумушчулар.

Имараттардын сырткы көрүнүшүн жаңылоо

Саммитке даярдыктын алкагында, Айтматов проспектисиндеги бардык үйлөрдү боёп, аны менен кошо терезелерге боёктор чачылган бойдон калган. Айрыкча, үстүңкү кабаттардын терезелерин мындай абалда калтырып койгонуна бишкектиктер шаар мэриясына нараазычылыктарын билдиришти.

Ал эми мэрия имараттарды боёо тууралуу шаардыктарды алдын-ала эскерткенин билдирет. Андан сырткары, дарактар санитардык талаптарга ылайыкталып буталган, бордюрлар, тротуарлар жана арыктар жаңыланган.

Митингдерге тыюу салынды

Биринчи Май райондук администрациясы КМШ өлкөлөрүнүн саммити бүткөнчө митинг өткөрүүгө тыюу салды. Бул убакта Ала-Тоо аянтында, Эски аянтта жана Парламенттин алдында митинг өткөрүүгө болбойт.

Биринчи Май районундук администрациясынын башчысы Kloop.kgге курган маегинде, митинг өткөрүүнү пландап жаткандар башка жерлерде өткөрө берсе болоорун билдирди.

Тема боюнча: Бийлик КМШнын саммити бүткөнгө чейин Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салды

Жарандардын куралдары алынат

Саммит учурунда жарандардын ээлигиндеги курал-жарактар алынат. Мындай кадам расмий делегациянын өкүлдөрү жашаган аймактын тургундарына гана тиешелүү.

«Мамлекеттик коргонуу» мыйзамынын 12-беренесинде көрсөтүлгөндөй, милиция «кооптуу жагдай жаратуучу кырдаалды жөнгө сала алат». 30-августтан 19-сентябрга чейин куралдар алынат.

Тема боюнча: ИИМ КМШнын саммити бүткөнчө курал-жарактарды убактылуу алат

КМШ мамлекеттеринин саммити 16-сентябрда Бишкекте өтөт. Анын алдынан, 15-сентябрда тышкы иштер министрликтеринин жолугушуусу болот.
Бишкекте өтүүчү Шериктеш мамлекеттердин саммити 25-жылдык юбилейине туш болууда.

Видео: Тилек бейшеналы уулу, Азат Рузиев