Өрттөнүп кеткен басмакананын гендиректорунун үстүнөн жүргүзүлгөн прокурордук текшерүүнүн негизинде «мыйзамсыз миграция уюштуруу» беренеси боюнча экинчи кылмыш иши козголду.
Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканадагы кырдаалды изилдөө боюнча Москва прокуратурасы мекемени эмгек мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүүгө алды. Прокурорлор аныктап чыккандай, каза болгон 14 кыргызстандыктын ичинен болгону экөөсү Москванын аймагында каттоодон өткөн.
Кыргызстандык кыз-келиндер эмгек келишимисиз иштешкен. Көз жумгандардын 12си Орусияда иштөөгө уруксаты болгон эмес жана алар жергиликтүү бийликте эмгек мигранттары катары катталган эмес. «Печатный экспресс» басмаканасынын генералдык директору Сергей Москвин аларды каттоодон өтпөгөн мигранттарды полицияга кабарлоонун ордуна эмгек патентисиз жумушка алган.
Орусиянын Кылмыш кодексине ылайык, «мыйзамсыз миграция уюштургандыкта» Москвинге 300 миң рубль өлчөмүнө чейин же айлыгынын 18 айга чейинки өлчөмүндө, же 420 саат милдеттүү иштөө жазасы каралган.
Соттун чечими менен 6-сентябрда «коопсуздук эрежелери сакталбаганы» үчүн Москвин эки айга тергөө абагына камалган. Ал полицияга айыбын мойнуна алып келген.
Дагы бир айыпталып жаткан басмакананын башкы инженери Антон Яцков Орусиянын тергөө комитетинин кызматкерлери тарабынан 14-сентябрда кармалган. Ага «коопсуздук эрежелери сакталбаганы» боюнча айып тагылган.
Москванын Алтуфьев шоссесиндеги басмаканада өрт 27-августта чыккан. 17 адам көз жумуп, алардын 14ү кыргызстандык болуп чыккан. Тилсиз жоо 1-кабаттагы кампанын электр тармагынан чыккан учкундан пайда болгон. 28-августта каза болгондорго аза күтүү акциялары өткөн.