Депутат «Фергана» тараткан маалымат боюнча УКМКны текшерүүгө алуу керектигин Башкы прокуратурадан өтүндү

«Бир бол» фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова Башкы прокуратурадан «Фергана» басылмасынын тараткан маалыматы боюнча иликтөө жүргүзүү керектигин айтып чыкты. «Фергана» атайын кыргыз кызматтары экс-президент Роза Отунбаевага карата компромат издеп жаткандыгын жазып чыккан эле.

Конституциялык мыйзам чыгаруу боюнча өтүп жаткан парламенттик жыйын учурунда депутат Чолпон Жакупова башкы прокурордун орун басары Кылыч Токтогуловго «Фергана» маалымат агенттиги жазган маалымат боюнча иликтөө жүргүзүү керектигин айтты.

«Макалада Кыргызстандын УКМК кызматкерлерди Өзбекстанга барып, өзбек коомчулугунун лидерлери менен жолугуп, алардан көрсөтмө берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнү тууралуу жазылып турат. Сиз бул маалыматты карап чыктыңызбы?» — деп сурады ал.

Ал эми Токтогулов алардын мекемеси бул суроонун айланасында иликтөө жүргүзбөгөнүн жана депутаттардын тапшырмасы менен иликтөөнү баштаарын айтты.

«Сиздерден суранам, ыйгарым укуктарыңызды толук бойдон пайдаланып, маалыматтын чын-төгүнүн текшерип, улуттук коопсуздукту көзөмөлгө аласыздар деген үмүттөмүн», — деди Жакупова.

Жыйынга УКМКнын башчысынын орун басары Дүйшөнбек Чоткараев да катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди. Ал Улуттук коопсуздук кызматтын кызматкерлери түштүккө барып, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө компромат издегени боюнча таратылган маалыматты четке какты.

«УКМКнын кызматкерлери Ташкентке барыптыр деген маалымат — бул биздин кызматтын атына так түшүрүү максаты менен жасалган деп гана айта алам. Биз эч качан мындай кылбайбыз. Тергөө органдарына бул маселе боюнча иликтөөнү тапшырсаңыздар да болот», — деди ал.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов бул кырдаал боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.

УКМК кызматкерлери экс-президент Роза Отунбаевага жана убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Эдиль Байсаловго карата компромат издеп жаткандыгы тууралуу «Фергана» басылмасы 19-сентябрда түнү жазып чыккан эле.

Байсалов ошол эле күнү басма сөз жыйынын уюштуруп, эгер «Фергананын» жазгандары тастыкталса, УКМКнын башчысы отставкага кетсин деген талап койгон. Андан сырткары, парламент дагы бул боюнча иликтөө жүргүзүүсү керектигин айткан.

Отунбаева жана Байсалов — президент тарабынан сунушталган Конституциялык реформага каршы турган эң активдүү адамдар. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу маселе Кыргызстанда саясий каршылашууну жаратты.

Оппозиция Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөр премьер-министрдин ыйгарым укуктарын көбөйтүп, сот бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүп, улуттук мыйзам чыгаруу боюнча эл аралык артыкчылыктардан баш тартууга алып келет деп айтууда.

Атамбаев жана анын тарапташтары, тескерисинче, Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөр «бийликти узурпациялоонун» алдын алат деп айтууда.

Сындап чыккандарга жооп катары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн жардамы менен Кыргызстандан качып кетүүгө үлгүргөн Кадыржан Батыровдун иши боюнча тергөө башталган. Ал Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык чыр-чатакты уюштурган деп «сепаратизмге» айыпталган.