Самаркандда Ислам Каримовду жерге берүү зыйнатынан бери бир ай өттү. Учурда шаар Өзбекстандын төрт бурчунан президенттин көрүстөнүн көргөнү келип жаткан туристтерге «толуп» турат. Айрым сөз чеберлери Самаркандга болгон сапарды кичи ажылыкка да салыштырып, тамашалашууда.
Материалдын түп нускасы «Настоящее время» сайтында жарыяланган.
Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов 3-сентябрь күнү кичи мекени Самаркандда жерге берилген. Мунун алдынан шаар тазаланып, иретке келтирилген.
Каримовду акыркы сапарга узатууга миңдеген өзбекстандыктар, өкмөт өкүлдөрү, Каримовдун жакындары, дипломаттар жана чет мамлекеттердин башчылары келген эле.
Арадан бир ай өттү, Өзбекстандын президентинин көрүстөнүнө чөп чыгып үлгүрө элек. Бүгүн болсо, Самарканд шаары Өзбекстандын төрт бурчунан келген туристтерге толуп турат.
Алардын көпчүлүгү президенттин көрүстөнүнө сыйынганы келгендиктерин айтышууда. Шаар тургундары биринчи жолу эл көп чогулуп жатат деп билдиришкен. Зыяратка келгендердин көпчүлүгү Кашкадарыя облусу жана Фергана өрөөнүнөн, ал эми өлкөнүн түндүгүнөн азырынча көп адам кадам баса элек.
Ташкенттин сөзмөрлөрү болсо, Самаркандга сапарды өлкөнүн ар бир жараны милдеттүү болгон кичи ажылыкка салыштырып, чын-тамаша аралаш кеп кылышууда. Бул сөздү туристтер өздөрү да колдоно баштаган.
«Биз Каримовдун көрүстөнүнө зыяратка келдик», — дейт туристтердин бирөөсү.
«Биз жети ыйык жерге барып келдик, алардын ичинде Каримовдун көрүстөнү да бар», — деди дагы бирөө.
«Биздин падышабыз Каримовдун көрүстөнүнө зыярат кылганы бардык, азыр анын үйүнө баратабыз», — деп үчүнчү турист ыйлап да алган.
Көпчүлүк алгач Каримовдун көрүстөнүнө, андан соң президент төрөлгөн Бибиханум 124 дарегиндеги үйүнө барышууда. Ал Самарканддын борборунда Бибиханум медресесинин артында жайгашкан.
Бул мусулмандардын өлгөн адамды акыркы сапарга узатуудагы дагы бир салты: эгер урмат-сыйга татыктуу адам көз жумса, анын көрүстөнүнө жана үйүнө сөзсүз баруу зарыл. Эркектер үйгө киришет, салтка ылайык дайындалган бир эркек үйдүн жанында Куран окуп турат. Эгер жөнөкөй адам курман болсо, мындай көрүнүш аза күтүү күнү гана болот. Каримовдун каза болгонуна бир ай болгону менен Самаркандда күн бою молдонун Куран окуганы үн күчөткүч аркылуу жаңыртылып турууда.
Туристтерге Каримовдун үйүнөн жана көрүстөнүнөн сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган.