Видео: Мосул үчүн салгылаш. Ирак армиясы шаарды ИГИЛден бошотууда

Ирак армиясы ушул тапта Мосулду «Ислам мамлекетинин» согушкерлеринен бошотуу операциясын өткөрүп жатат. Мосул - Ирак аймагында экстремисттердин акыркы таянычы.

Ушул тапта Мосулду бошотуу боюнча операция жүрүп жатат. Ирак армиясы дүйшөмбүдөн тартып шаарды аткылай баштаган, азыр болсо 2014-жылдан бери ИГИЛдин көзөмөлү астында турган шаарды көздөй танктар кетип баратышат.  

«Аль-Жазиранын» видеосу:

БУУ шаардагы кагылышуунун натыйжасы бул аймакта жашаган 1,5 миллион кишиге таасир этиши мүмкүн экенин эскертти.

Ирактын бийлиги Мосулду бошотуу Иракта «Ислам мамлекетин» жеңип чыгууга барабар экенин билдирди. Дал ушул Мосулда ИГИЛдин башчысы Абу Бакр Аль-Багдади халифат түзүү тууралуу жарыя кылган эле.

ВВСнин маалыматы боюнча, Мосулда канча киши бар экени тууралуу так маалымат жок, бирок эки жыл мурун шаарды согушкерлер басып алаарда ал жакта эки миллиондон ашуун киши жашаган.