Коррупциядан чарчадыңбы? Kloop.kg менен иликтеп гонорар ал!

Kloop.kgнин башкы редактору Эльдияр Арыкбаев ар кандай жыйымдардан, парадан, бийликтин аракетсиздигинен тажагандардын баарына иликтөө боюнча экспресс-тренинг өткөрөт — анан дагы башкысы, бул «Фэйсбукта» эле нааразы болуп, пикир жазып олтура бербей, чыныгы аракет кылгысы келгендерге арналат.

Тренинг Kloop.kgнин офисинде 2016-жылдын 25, 26 жана 27-ноябрында өтөт.

Иликтөө шаймандары менен кыскача таанышкандан кийин бардык катышуучулар өздөрүнүн иликтөөлөрү менен алектенип, аларды Kloop.kg порталына жарыялап, ага кошумча гонорар (толук бир иликтөөгө берилчү гонорардын суммасы 55 миң сомго чейин) алса да болот.

Тренингде юрист да катышат, иликтөө боюнча андан кеп-кеңештерди алууга болот.

Сабакта минимум теория жана максимум практикага басым жасалат. Эгер сиз тренингге катышып, өзүңүздүн журналисттик иликтөөңүздү жүргүзгүңүз келсе, алдын ала темаңызды, мыйзам бузуу боюнча документтерди жана далилдерди даярдап алыңыз.

Кантип катышса болот?

  • Төмөндө формада иликтөө боюнча тема сунуштаңыз;
  • Өз байланыштарыңызды калтырыңыз.

Биз сизге чалып, тренингге чакырабыз.

Тренинг жума, ишемби жана жекшемби күндөрүнө пландалган. Ошондуктан материалдарды даярдоого максимум убактын жумшай алгандардын баары жана 25-27-ноябрь күндөрү эртеден кечке тренингге кеч калбай жана калтырбай катыша ала тургандардын баары чакырылат.

Тренинг орус тилинде өткөндүктөн форманы орусча толтуруп жибериңиз.

Сиз эч качан журналистика менен алектенген эмессизби? Сиздин иликтөө боюнча тажрыйбаңыз жокпу?

Тренингге катышуу үчүн журналистика багытында тажрыйба милдеттүү түрдө талап кылынбайт. Жалпыга ачык жеткиликтүү болгон маалыматты издөө шаймандарын көрсөтүп беребиз. Мындай маалыматтар көбүнчө сапаттуу иликтөө жүргүзүүгө жана коррупциялык схемаларды аныктоого жетиштүү.

Ачык булактардын негизинде Kloop.kg буга чейин Билим берүү министрлигиндеги жана Чоң Алай райондук администрациясындагы мамлекеттик сатып алуу боюнча коррупциялык латын тамгалары жөнүндө ийгиликтүү иликтөөлөрдү жарыялап келген.

Бул жана башка кыргыз ЖМКсындагы материалдардан кийин мамлекеттик сатып алуу боюнча департамент латын тамгалары бар кулактандырууларга бөгөт коюу боюнча чечим кабыл алган.

Kloop.kg ачык маалыматтардын негизинде ушул жылдын июнунда кыргыз чиновниктеринин декларацияда көрсөтүлбөгөн Болгариядагы менчиктери тууралуу иликтөөлөрдү жарыялаган.