Бул кызматка жалгыз талапкер болгон Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын азыркы президенти Семетей Султанов экинчи мөөнөткө кайрадан шайланды.
Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын (КРФФ) президентин шайлоо 27-ноябрда болуп өттү.
Федерациянын президенттигине Семетей Султанов жалгыз талапкер болгон. Добуш берүүдө ал өлкөнүн бардык аймагындагы 50 өкүлчүлүктүн бирдиктүү колдоосуна ээ болгон.
КРФФнын президентинен тышкары Федерациянын вице-президенти жана аткаруучу комитеттери да шайланган.
Семетей Султанов Футбол федерациясын 2012-жылдын 7-декабрынан бери башкарып келет.
Ушул убакыт аралыгында кыргыз курамасы ФИФАнын рейтингинде 102-орунга көтөрүлүп, 2019-жылы БАЭде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна чыгууга талапкер саналат.
Андан сырткары U-16 өспүрүмдөр курамасы да футбол боюнча Азия чемпионатында тайпалык баскычтан суурулуп чыгып ийгиликке жетүүдө.
Бул Кыргызстан үчүн кайсы бир жаш курактагы турнир болбосун финалдык баскычта мелдешкен алгачкы учур.
Сүрөт: КРФФ
ТЕМА БОЮНЧА:
- Футбол: Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде жогорку орунга чыгып, өзүнө рекорд койду
- Футбол: Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде 25 позициясын жоготту