«Кыргызтелеком» компаниясы интернет менен камсыз кылуу боюнча кыргыз тарап үчүн пайдасыз келишимге кол коюуга аны казакстандык провайдерлер мажбур кылышкан деп далилдөөгө аракет кылууда. Мурда бийлик өкүлдөрү компанияга казак интернет-провайдерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып бааны негизсиз көтөрдү деген күнөө коюп келген.
Кыргызстандын бийлиги «Кыргызтелекомдун» жетекчилигинин казак провайдерлери менен тымызын бүтүм кылган-кылбаганын текшерүүнү укук коргоо органдарына табыштады.
«Кыргызтелекомду» депутаттык комиссия да текшерип, кыргыз компаниясынын казак провайдерлери менен тымызын бүтүм кылганы далилденди деп билдирди.
Бул дооматка жооп катары компаниянын жетекчилиги интернет казак провайдерлери койгон «катаал шарттардан» улам кымбаттаганын билдирди.
«Кыргызтелекомдун» маалыматына караганда, 2016-жылдын июлу аяктап баратканда интернетти камсыз кылуу боюнча келишимдердин мөөнөтү бүткөн. Казак жөнөтүүчүлөрүнөн мындан ары баа көтөрүлгөнү тууралуу маалымдама келип түшкөн.
Компания сүйлөшүүлөргө карабастан, казак тарап эгерде баалар көтөрүлгөн келишимге кол коюлбаса интернетти камсыз кылууну токтотоорун кабарлаганын билдирди.
«"Кыргызтелеком" ААКтын жетекчилигине жол тандоо оңой болгон жок. Же убакыт жетишпеген, казак провайдерлери өтө агрессивдүү позицияда турган шартта өз абоненттерибизди интернетсиз калтыруу коркунучуна кайыл болуп сүйлөшүүнү улантышыбыз керек эле, же катаал шарттарга макул болушубуз керек эле», — деп айтылат билдирүүдө.
Компания депутаттык комиссиянын дооматтарын «туура эмес жана негизинен чындыкка туура келбейт» деп баалады.
Мындан тышкары, басма сөз үчүн маалыматта кыргыз операторлорунун негизги бөлүгү да жаңы баадагы келишимдерге кол койгону белгиленет. Казак провайдерлеринин шартына көнбөгөндөрү «ылдамдыкты абоненттер иш жүзүндө пайдалана албай калгыдай абалга чейин азайтышкан».
«Тейлөөнүн сапатын анчалык начарлатууга, андан дагы кызмат көрсөтүүнү таптакыр токтотуп коюуга Улуттук оператор болуп эсептелген «Кыргызтелеком» ААКнын албетте, укугу жок болчу», — деп айтылат билдирүүдө.
«Кыргызтелеком» тышкы каналдан ажыратылса бир катар стратегиялык объектилер — эл аралык «Манас» аба майданы, укук коргоо органдары, мамлекеттик мекемелер, ооруканалар жана түмөндөгөн абоненттер интернети жок калмак.
Казак интернет-провайдерлери менен болжолдуу тымызын бүтүм
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 28-ноябрда Кыргызстанда интернеттин кымбатташы «Кыргызтелеком» менен казак провайдерлеринин ортосундагы болжолдуу тымызын бүтүмгө байланышы бар-жогун текшерип чыгууну Башкы прокуратурага табыштады.
Жээнбеков компания чет өлкөлүк интернет-провайдерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алганы ырасталса компаниянын менеджерлери жоопко тартылаарын айтты.
«Кыргызтелекомду» депутаттык комиссия да текшерди. КСДПнын депутаты Анвар Артыков анын ишинин натыйжасында кыргыз компаниясынын казак провайдерлери менен жең ичинен бүтүмгө келгени аныкталганын билдирди.
Артыковдун айтымында, казак тараптын сунушу «кескин формада» болгон эмес, андыктан «Кыргызтелекомдун» башчысы Эмил Ешеналиев бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзсө болмок, бирок жүргүзгөн эмес. Мындан тышкары, ал эки казак провайдери менен пайдасыз келишимге дароо кол коюп, аларга акча которуп жиберген.
Интернеттин кымбатташы
Кыргызстанга интернет-трафиктин 90 пайызы Орусиядан Казакстан аркылуу келет. Июлда казакстандык провайдерлер кыргыз операторлору үчүн интернет-трафиктин баасын 1 Мб/с үчүн 12-15 доллардан 30-50 долларга чейин көтөрүлөөрүн кабарлашкан соң Кыргызстанда интернет кымбаттаган.
Алар өз чечимин интернетти камсыз кылган орусиялык тарап бааны көтөрүп жибергени менен түшүндүрүшкөн.
Өз кезегинде орусиялык тарап Казакстанга интернет мурдагы эле баа менен, болжол менен 1 мибт/сек. үчүн 1 доллардан эле берилип жатканын билдирген. Андан тышкары, трафиктин өткөрүлүшү үчүн баа төмөндөп гана жүрүп отурушу керек экени белгиленген.
Кыргыз тарап Евразия экономикалык комиссиясына казакстандык провайдерлердин болжолдуу көмүскө келишими боюнча териштирүүнү суранып арыз берген.
Казакстандык жана кыргызстандык провайдерлердин эки айлык сүйлөшүүсүнөн кийин интернеттин баасы мурдагы калыбына келген.
ТЕМА БОЮНЧА: