Казакстандыктар Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрө алышат. Бирок ал качан башталаары белгисиз

Эки өлкөнүн ортосундагы келишим күчүнө киргенден кийин Казакстандын жарандары Кыргызстандын аймагында каттоого турбай 30 күн жүрө алышат. Ага чейин, жаңы эрежелер боюнча, казакстандыктар Кыргызстанга келгенден кийин 5 күн ичинде катталышы керек.

Жарандарына каттоо режими жеңилдетиле турган 90 өлкөнүн тизмесинде Казакстандын жарандары Кыргызстанга келгенден кийин 5 күн ичинде каттоого турушу керек экени көрсөтүлгөн.

«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов парламент жыйынында Тышкы иштер министрлиги казакстандыктардын өлкө ичинде  жүрүш маселесин жеткире иштеп чыгышы керек экенин айтты.

«Мен түшүнө албайм, эмне үчүн Орусиянын жарандары Кыргызстанда каттоосуз 30 күнгө чейин жүрө алышат, Казакстандын жарандары болсо 5 күн ичинде катталышы керек? Бул айырманын себеби эмне?» — деди ал.

Бийликтегилер Казакстандын жарандары жакында Кыргызстандын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алышат деп убада беришүүдө. Октябрдын ортосунда Казакстан менен Кыргызстандын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн жарандарынын жүрүү режими тууралуу тиешелүү макулдашууга кол коюшкан.

«Кабар» маалымат агенттиги менен болгон маекте Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары Алмаз Асанбаев жакында бул келишим иштей баштай тургандыгын билдирди.

«Документ жарандардын бардык категорияларына тиешелүү. Бул макулдашуу азыр ратификациядан өткөнү жатат, андан кийин документ күчүнө кирет. […] Кандай болгон күндө да казакстандыктар КРда каттоого турбастан 30 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алышат», — деди ал «Кабар» маалымат агенттиги менен болгон маекте.

Бирок макулдашуу иштей баштай турган так мөөнөт азырынча белгисиз.

Чет өлкөлүк жарандарды каттоо тууралуу мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр 4-ноябрда күчүнө кирген. Эми орусиялыктардан башка бардык чет өлкөлүктөр беш күн ичинде милдеттүү каттоого турушу керек. Эгерде чет өлкөлүк жаран каттоого турбаса 10 миң сом штраф төлөөгө мажбур болот.

Чет өлкөлүктөр каттоо жагынан эмитен эле кыйынчылыктарга туш болушту — алар керектүү маалыматты ала алышпайт, паспорт столдорунда дайыма эле котормочу боло бербейт, каттоого керектүү документтер кыргыз жана орус тилдеринде гана бар, айрым чет өлкөлүктөрдү милиция кызматкерлери текшере башташты.

Кыргызстандын өкмөтү 90 өлкөнүн жарандарынын Кыргызстанда каттоосуз жүрүү мөөнөтүн узарткан токтомду ноябрдын аягына чейин кабыл алмак. Эми бийлик өкүлдөрү документ карала турган жаңы мөөнөттү айтып жатышат — ал 19-декабрь.

ТЕМА БОЮНЧА МАТЕРИАЛДАР: