Токтогул ГЭСиндеги авария: Жарык өчүрүлбөйт деген убада берилүүдө

Токтогул гидроэлектр станциясында экинчи гидроагрегат иштен чыкты. «Электр станциялары» компаниясы жарык өчүрүлбөйт деп убада берүүдө.

Токтогул ГЭСинде 15-декабрда авария болду. «Электр станциялары» компаниясынын басма сөз кызматы ГЭСтин экинчи гидроагрегатынын бузулушу «электр энергиясын үзгүлтүккө» учуратпайт деп билдирди.

«Электр станциялары» компаниясынын басма сөз борборунун кызматкери Kloop.kgге Токтогул ГЭСинин «экинчи гидроагрегаты плансыз түрдө иштен чыкканын» айтты.

Электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылыш үчүн башка станциялардын кубаттуулугу ишке тартылган.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча оңдоо иштери жүрүп жатат, бирок ал качан бүтөөрү белгисиз. Токтогул ГЭСиндеги оңдоо иштерин электр станциясынын кызматкерлери жана Орусиядан чакырылган адистер жүргүзүп жатышат.

«Азыр маселенин себеби гана аныкталууда. Бул өтө татаал жабдуу, ошондуктан дароо аныкташ кыйын. Бузулган жабдуу оңдолоору менен биз ал тууралуу кабар беребиз», — дешти басма сөз кызматындагылар.

Бирок көз каранды эмес эксперт Расул Умбеталиев Токтогул ГЭСиндеги авария Кыргызстандын башка ГЭСтериндеги суу-энергетика тең салмагын өзгөртүшү мүмкүн деп эсептейт.

Токтогул ГЭСи акыркы жолу бузулганда үч ай ичинде оңдолгон. Экинчи гидроагрегаттагы авария 2015-жылы декабрдын аягында болгон, оңдоо иштери 2016-жылдын мартында араң бүткөн.

Анда Чүй облусунун Москва, Жайыл жана Панфилов райондорунда электр энергиясы үзгултүккө учураган.

ТЕМА БОЮНЧА:


ГЭСтеги авариядан улам Кыргызстанда маал-маалы менен электр жарыгы өчүрүлүшү мүмкүн [+видео]