Кыргызстандыктар 2016-жылы кимге кантип жардам беришти?

Жыл аяктап баратканда Kloop.kg көңүл жылыткан макалаларды эстеп көрүүнү чечти. Узап бараткан жылда кыргызстандыктар ара төрөлгөн балдарга кийим токуп, пенсионерлерге бекер нан таратып, жетим балдарга эки тонна кийим белекке берип жана башка жакшы иштерди жасашкан.

Kloop.kg быйыл көп нерсе туурасында жазды, алардын ичинде кайрымдуулук кылгандар жөнүндө макалалар да бар. Биз адамдар эч кандай акы албай туруп бейтааныш адамдарга жардам берүүгө даяр экенин далилдеген, өз кесибин таштап, өзүн ыктыярчы болууга арнагандар тууралуу көңүл жылыткан жети окуяны бир жерге топтодук.

Ким? «28 илмек» клубу

«28 илмек» клубунун ыктыярчылары — бул ара төрөлгөн наристелерге жардам берүү максаты бириктирген коомдогу ар кандай адамдар.

Клуб «28 петель»
«28 илмек» клубу

Ара төрөлгөн балдардын жылуулугун сактоо өтө зарыл. Алар жылуу турса, өз энергиясын денесин ысытуу үчүн эмес, организминин өсүшүнө багыттай алышат.

Клубдун ыктыярчылары жүндөн кичинекей кийимдерди токушат. Ымыркайдын денеси жүнгө тийгенде ал табигый массаж алып, денеси ысып, терең уйкуга кетүүнүн алдын алат. Наристе терең уйкуга кетип калса, ал дем алууну унутуп калышы мүмкүн.

Адегенде клуб Казакстанда түзүлүп, бул демилгени кийин кыргызстандыктар өздөштүрүшкөн.

Тема боюнча: Сүрөт: «28 илмек» клубу ара төрөлгөн кыргызстандык наристелерге жылуулук тартуулайт

Ким? Айгүл Сманолиева жана «Коломто» башкалкасы

Башкалкага мамлекет менен кайрымдуу инсандар колдоо көрсөтөт. Башкалканын кызматкерлери үйсүздөрдү күнүнө эки жолу ысык тамак менен камсыздап, оорулууларга медициналык жардам берет. Бул башкалкада ошондой эле үйсүздөр үчүн таза кийим жана ысык душ бар.

Башкалкага ким кааласа келсе болот. Бир эле жылда бул жерге болжолдуу 900 киши келип кетет. Алар көбүнесе башкалкада жумуш таап же өз иштерин жөнгө салып алганга чейин үч айдан ашык турушпайт.

Тема боюнча: Үйүң жок болсо Бишкекте кантип кыштан чыгыш керек?

Ким: «Бабушка Эдопшн» фонду

«Бабушка Эдопшн» фонду оор абалга кабылган улгайган адамдарды асырап алууга жардам берген уюм.

Волонтеры фонда «Бабушка Эдопшн»
«Бабушка Эдопшн» фондунун ыктыярчылары

Көп жылдан бери фонддун кызматкерлери жардамга муктаж болгон пенсионерлер менен байланыш куруп турушат. Ыктыярчылар аларга кам көрүп, фонддун акчасынан аларга жардам берип турушат.

Кээде пенсионерлерди асырап алууну каалагандар чыгышат. Алгач ирет улгайган адамдарды Европада өз курагындагы эле адамдар асырап алышып, кийин бул жөрөлгө кыргызстандыктардын арасында тараган.

Тема боюнча: «Вераны асырап алуу». Альцгеймер оорусу менен ооруган 94 жаштагы кемпирге кантип кам көрүшөт?

Ким: Коомдук желелердин колдонуучулары

Кыргызстандыктар 2016-жылдын март айында Kloop.kgнин сайтында жарык көргөн окуяга өтө жигердүү реакция кылышкан. Видеобаянда оорулуу небересин караган чоң энеинин окуясы баяндалган болчу.

Анаркүл апа 15 жылдан бери өзүнүн 3000 сомдук пенсиясы менен оорулуу небереси Аргенди өзү жалгыз карап келет.

Ал небереси үчүн керебет жана кир жуугуч машинам болсо деп кыялданганын айткан.

Анын окуясы коомдук тармактардын колдонуучуларын катуу таасирлентип, кайдыгер болбогон жарандар бул үй-бүлөгө жардам беришкен.

Тема боюнча: Видео: Кантип коомдук тармак чоң эне менен майып небересине жардам берди

Ким: Жөнөкөй адамдар

Ноябрдын аягында Токмоктогу бөбөктөр үйү акчасын төлөп келген болсо да жылуулугу жок калган. Жылуулугу жок болуп 4 жашка чейинки 85 бала калган.

Ыктыярчылар Токмоктогу бөбөктөр үйүндө жылуулук жок экенин угуп, балдарга керектүү болгон эки тонна буюм жеткирип беришкен.

Тема боюнча: Бишкектиктер Токмоктогу бөбөктөр үйүнө эки тонна жылуу буюмдарды чогултуп беришти

Ким? Белгисиз адамдар

Белгисиз бойдон калгысы келген жаш жубайлар ар күнү Бишкектин пенсионерлерин бекер нан менен камсыздап келишет.

Бекер нан алыш үчүн пенсионерлер Бишкектин ар кайсы бөлүгүнөн келишет. Нанга кезек күткөн пенсионерлердин саны болсо 100гө чукул. Айрымдары бири-бири менен маек куруп, жаңылыктарынан бөлүшүшөт.

Тема боюнча: Бекер нан: Кантип жаш үй-бүлө карыяларга жашыруун жардам берүүдө

Ким: Динара Аляева

Динара Аляева катуу ооруп калган балдарга жардам берет. Ал кайсы бир убакта кайрымдуулук акциясына катышып калып ракка чалдыккан балдарга барып, ошол бойдон өзүнүн беделдүү кызматын таштап, өзүн оорулуу балдарга кам көрүүгө арнаган.

Дина Аляева
Динара Аляева. Сүрөт: Сэм Бараталиев

Мамлекеттин колдоосусуз эле ал балдардын хосписин ачкан. Анда кайда бараарын билбеген онкологиядагы балдар менен ата-энелери башкалка тапкан. Жумушсуз ата-энелерге болсо Динара иш таап берүү эрдигин көрсөткөн.

Динара Аляева менен балдардын хосписин ар кандай адамдар колдоп чыгышкан. Жөнөкөй бишкектиктер, сүрөтчүлөрдөн тартып бизнесмендерге чейин колдошкон. Алардын шарапаты менен хоспис кооздолуп жасалгаланган, эми анда турган оорулуу балдарга оорукананын атмосферасы эмес, жагымдуу шарттар түзүлгөн.


Тема боюнча: 
Кыргызстанда оор илдетке кабылгандар жана өлүм алдындагы адамдар үчүн алгачкы хоспис ачылды