Индиялык студенттердин көкөйүнө тийген кыргыз милиционерлери

Кыргызстанда билим алган чет элдик студенттер милиция кызматкерлери алардан акча опузалап жатканын айтып чыкты. Паспорт, виза, студенттик билет өңдүү документтерди сураган формачандар баары жайында болсо да, эптеп тыйын сураштын айласын табат дешет арыздангандар.

Материалдын түп нускасы IWPR сайтында жарык көргөн. Автору Мырзайым Жаныбек кызы.

Студенттердин айтымында, маселени «өз ара чечишип алуунун» баасы 500 сомдон жогору. Ички иштер министрлиги болсо милициянын мыйзамсыз аракетине бир да чет элдик арызданбаганын билдирип, расмий кайрылышса, чара көрүлөөрүн айтууда.

Ал ортодо чет элдиктерди Кыргызстанга окууга тартуу менен алектенген фирмалар маселе тезинен чечилбесе, студенттер аркылуу өлкө экономикасына келген инвестиция көлөмү кескин азайып кетет деп коңгуроо кагууда.

Милициянын чет элдик студенттерди негизсиз текшерип, акча опузалашы боюнча маселе Ош шаарында окуган пакистандык, индиялык студенттердин акциясынан кийин кайрадан күн тартибине чыкты.

Өткөн айда ОшМУнун эл аралык медицина факультетинин 1-курсунун студенти Субан Баграба инфарктан каза болгон. Анын сөөгүн мекенине жибере албай убарага түшкөн студенттер тынч митингге чогулуп, бир катар талаптарын билдиришкен.

Раму ОшМУдагы эл аралык медицина факультетинде 4-курста окуйт. Мындагы көпчүлүк студенттерден айырмаланып, орус тилин түшүнөт. Ал дээрлик ар бир чет элдик студент милицияга акча бергенин айтат.

— Мындай көйгөй толтура, бардык студенттер кез келет. Басымдуусу, өзгөчө биринчи курстагылар орус тилин билбейт. Алардан милиция акчаны көп сурайт. 500 сомдон 3 миң сомго чейин. Бериш керек, болбосо депортация кылам, баңгизаты менен карматам дешет. Көчөдө корком, бизге эч ким жардам бербейт. Өзүбүз менен өзүбүз. Бишкекте Индиянын өкүлү бар, мен ага кайрылып, менден милиция акча алды, арыз жазам десем, жазба, эмки жолу кармалсаң чындап депортация болосуң деди.

Кыргызстан чет элдиктерди коргой турган өлкө эмес деп сөзүн жыйынтыктады Раму. Ал бизге котормочу катары жардам берип,ОшМУдагы 50 дөн ашык студенттен сурамжылоо жүргүздүк. Алардын экөөсү гана милиция менен көйгөй боло элек экенин айтса, калганы формачандарга кантип акча бергени тууралуу окуяларды айтып берип жатты. Кызыгы орусча, кыргызча билбеген чет элдиктер «чай-пай», «эки миң, үч миң» деген сөздөрдү жакшы билишет.

Студенттерди бири Хариом буларга токтолду.
— Эки бала болуп жатаканадан чыктык. Бир милиция кызматкери келди. Ал милиция болгон менен жанында бычагы бар экен. Чөнтөгүнөрдө болгонун чыгаргыла деди. Чөнтөктөгу 550 сом менен телефонду алып кетип калды.

Ушул эле факультетте 2-курста окуган Зубер аттуу студент да милициянын мыйзамсыз аракетине көп эле жолу туш келгенин айтат. Эсинде калганы – катуу ооруп жаткан кезинде милиция жардам бербей, тескерисинче аны коркутуп 1000 сом алганы.

— Мен катуу ооруп калып, эки досум менден кабар алганы келди. Чогуу ооруканага жөнөдүк. Бизди милиция кармап алып, эмне түндөсү жүрөсүңөр деп сурады. Жагдайды түшүндүрдүк. Документ, виза, паспорт баарын көрсөттүк. Ал акча сурады эле, бербейм дедим. Милиция анда түрмөгө алып барып камайм, чөнтөктөгү болгон акчаңарды бергиле деди. Сүйлөшүп атып 1000 сом бердик.

Милициянын үстүнөн көбүнчө эркек балдар арызданып жатты. Биз кайрылган кыздардын бири да тартип сакчылары менен көйгөй жаралган учурду эстей алган жок. Чет элдик балдарга Ошто жашоо эки эсе кыйын. Аларды милиция гана эмес, айрым жергиликтүү тургундар да опузалап, акча, телефонун тартып алат.

Индиядан келген Зафар бир тууган агасы кабылган окуяны айтып берди.
— Агамды жергиликтүү балдар тегеректеп алып, акча сурашыптыр. Алар беш-алтоо болгон. Агам эмне кылмак эле, 100 доллар бериптир. Милицияга арызданбадык, милиция өзү бизден акча алып атса, анан бизге жардам бермек беле?

Милициянын же жергиликтүү тургундардын мындай аракети боюнча чет элдик студенттер тиешелүү органдарга арызданып кайрылбайт. Анткени ишти иликтөө аягына чыкпайт дешет. Мындан улам алар тартип сакчыларына акча берип кутулат же ортого бирөөнү салып, маселени «кыргызча» чечип алууну туура көрөт.

Ортого түшчүлөр — Индия, Пакистандан Кыргызстанга студенттерди окууга тартуу менен алектенген фирмалар. «World choice international» фирмасынын Оштогу өкүлү Васим Мухаммадга «милиция кармалып калдым, жардам бериңиз» деп дээрлик күн сайын студенттер чалат.

Ошто 20 жылдан бери жашаган Васим органдардагы тааныштарына байланышып, чет элдиктерди бошоткон күндөрү болот.

— Милициянын мыйзам бузушу күн сайын болот. Мисалы, базарага барсак, паспорт көрсөт дешет, баарын көрсөтсөк, баары бир 100-200 сом таштап кет дешет. Биз келип аларга баарын берип салабызбы, салык төккөндөй. Кээде арыз жаздык алардын үстүнөн. Бир жолу милиция студентти кармап алыптыр, анын жанында паспорту жок болгон, акчасы да. Аны машинага отургузуп, алып, шаар чекесине таштап, үйүнө кете бер дешкен. Студент унаанын номерин жаттап калган. Кээде милицияны жазалашат, бирок алардын тааныштары бар, негизинен иш аягына чыкпайт. Жергиликтүүлөр телефон тартып алганда да, арыз жазсак, милицияга күндө катташ керек, алар эртең кел, бүрсүгүнү кел дей беришет. Анан обед алып бер, бензинге акча бер, биз издейбиз дей башташат. Студент сабагынан да калып атса, ал жактагы окутуучулар да бер дей баштайт. Ал жакта да бер, бул жакта да бер. Анан чарчаган судент кереги жок телефонум деп, ишти аягына чыгарбайт.

Милициянын опузалоосуна Оштогу гана эмес, Бишкекте билим алган чет элдик студенттер да кабылат. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын атыт атагысы келбеген студенти буларды айтып берди.

— Мен индиялык студентмин. Бишкекте медакадемияда окуйм. Чет элдик жарандар дайыма милициянын көз алдында. Алар чет элдиктерде акча көп деп ойлошот. Биз үчүн тыйын табууну оңойдой көрүшөт. Милиция 2-3 миң сомго чейин талап кылат. Чет элдик жарандар үчүн бул чоң эле акча.

Ошол эле «World choice international» фирмасынын Бишкектеги өкүлү Магарде Бхупендра борбор калаа милициясы Оштогудай эле акча талап кылаарын билдирди. Бирок тартип сакчылары чет элдик студенттердин бул айткандарын четке кагат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков ушу кезге чейин милициянын үстүнөн чет элдик жарандардан бир да арыз түшпөгөнүн айтты.

— Эгерде кандайдыр бир ушундай фактылар болсо, чындыгында эле милиция кызматкерлери аларга кандайдыр бир кысым көрсөтүп жаткан болсо, алардын тиешелүү укуктары бар. Бул тууралуу өздөрүнун мугалимдерине деле айтса болот, ректорат, деканат аркылуу деле бизге кайрылса болот. Буларга эч кандай тосоолдук жок, ал тургай прокуратурага деле кайрышса болот. Муну чет элдик студенттер беш колдой билишет.

Ош ШИИБнин позициясын Ички иштер министрлиги да бекемдеди. ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, чет элдиктерден аларга бир да расмий кайрылуу түшкөн эмес. Ал милициянын атын сатып, чет элдиктерден акча өндүргөн шылуундар жок эмес экенин кошумчалады.

— Милиция кызматкерлери чет элдин жарандарын, студенттерин тоноптур деген фактылар жок. Ошондуктан бул студенттерди бирөөлөр документин сурап же акчасын топоп атса, сөзсуз кайрылыш керек. Бул жерде шылуун-шумпайлар көп — калп эле милициябыз дешип, акчаларын алып коюшу мүмкүн. Ошон үчүн бирөөлөр акча сураса, сөзсүз түрдө күбөлүгун сурап, жок дегенде фамилиясын билип калганга аракет кылышы керек. Кандайдыр бир шек санаса, милицияга кайрылышы керек. Бизде өзүк коопсуздук кызмат бар. Ал кандайдыр бир арыз түшсө же маалымат болсо реакция кылат.

Бирок Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков чет элдик студенттер менен милициянын ортосундагы бул көйгөй 20 жылдан бери уланып келе жатат дейт.

— Биз 1995-жылдан баштап билим экспортун баштаганбыз. Алыскы жана жакынкы чет элден келгендердер милиция боюнча дайыма көйгөй болуп келген. Алар жолдон кармап алып же квартирасына барып, ушундай мыйзамсыз иш аракеттер боюнча жекече, кээде массалык түрдө ушундай алардын укугун чектеген учурлар бар. Аны биз дайыма милициянын шаардык бөлүмүнө, облустук бөлүмүнө, кээде прокуратурага эгер студент жазма түрүндө кайрылса, биз аларга өтүнүч каттарын жазабыз.

Эскперт Калича Умуралиева болсо чет элдик студенттер Кыргызстандын аймагында мыйзамдуу жүргөндөн кийин аларды милиция жөн жай токтотуп, текшере бергенге укугу жок дейт.

— Мыйзамсыз текшерүүгө чет элдик гана эмес, биздин студенттер да кабылышат. Документти же башка нерсени текшеребиз деп бардыгын токтото беришет. Милиция бул үчүн жаралган эмес. Милиция өзүнүн функционалдык милдеттеринин алкагында иштеши керек. Алар мыйзам бузуу тууралуу арыз түшкөндө же коомдук тартип бузуу фактысы катталса гана кийлигише алышат. А жөн эле бараткан биздин же чет элдин жарандарын токтотууга милициянын укугу жок. Бйруктун негизинде өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет элдиктерди аныктаганга кандайдыр бир расмий рейддерди өткөрүп атса – бул башка сөз. Кайталап өтөйүн, чет элдик студенттер биздин өлкөдө мыйзамдуу негизде жүрүшөт.

Чет элдик студенттер жана аларды бул жакка алып келген фирма өкүлдөрү ИИМге, дипломатиялык өкүлчүлүктөргө маселени чечүүнү суранып кайрылган. Андайда текшерүүлөр бир нече күнгө токтоп калат да, кайра эле баягы опузалоо башталат, дейт Васим Мухаммад. Ал ошондой эле Кыргызстанга студенттерди тартуу акыркы эки жылда жолго түшүп, келгендердин агымы өскөнүн белгиледи. Бирок милициянын чет элдиктерге карата мыйзамсыз аракети келүүчүлөрдүн санын кыскартышы мүмкүн.

— Азыр милиция мени кармады деп интернетке жазышат. Мунун баары жарыяланат. Бул жакка окуга келем деген студент Кыргызстандын шарты кандай деп, маалымат издейт. Көчпүлүгү Ош жакшы шаар, бирок адамдар, милиция да криминалдашкан деп комментарийлерди жазышат. Бул терс таасирин тийгизет.

Ошто 1,5 миң чет элдик студент билим алып жатканын айткан Васим Мухаммад, алардын ар бири Кыргызстанга жылына 5-6 миң доллардан инвестиция алып келип жатканын белгиледи.

Ал арада Ош мамлекеттик университети көйгөйдү чечүүгө киришти. Эми чет элдиктерге алардын тилин түшүнгөн авдокат жардам берет. ОшМУнун ректору Каныбек Исаков буларды айтты.

— Чечүүнүн жолу катарында дагы бир маселени коюп жатабыз. Чет өлкөлүк студенттер үчун атайын юрист алабыз. Студенттер органдарга өзү барбай, биздин юрист менен кошо барсын адвокат сыяктуу. Себеби алардын укугун жөн эле чектеп койгон учурлар болуп атпайбы кагып-силкип. Юрист алардын жанында жардам көрсөтүп жана укук коргоо органдары тарабынан мыйзам бузуу боло турган болсо биз дагы тиешеүү органдарга кайрыла ала турган бололу деп англис тилин билген юрист издеп жатабыз.

Аны менен катар Оштогу адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору да чет элдиктерге юридикалык көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Алар буга чейин Пакистандын эки жаранынын маселесин чечишкен. Бул боюнча аталган борбордук өкүлү Улан Бекмуратов:

— Бизге Пакситандын эки жараны кайрылган. Биринчи жаран бул Шакирулло Мухаммад деген кайрылган. Муну 2013-жылы Бишкек шаарында Ош-Бишкек стоянкасында айдоочулар уруп таштаган. Бул боюнча Пакистандын элчилигине кайрылганбыз, ушундан кийин милиция айдоочуларды таап, акчасын кайтарып берген. Экинчи учур – Халид Хасан деген 86-жылкы жаран, мединституттун студенти 2011-жылы кайрылган. Милициядан смс коркутуу болду деп айткан. Бул маселе прокуратурга жазылгандан кийин чечилген.

Адам укуктары коргоо боюнча Эдвокаси борбору негизинен ичкчи миграция жаатында иш алып барып, калктын аярлуу катмарына акысыз юридикалык жардам көрсөтөт. Бирок Ош шаарында чет элдик жарандардын укугун коргогон, аларга жардам берген уюмдар жок болгон үчүн студенттерге жол көрсөтүүгө даяр.

Биз чет өлкөлүк студенттерге жардам бергенибиздин себеби – Ошто ошол чет өлкөлүктөрдүн укугун коргоогон уюм же фонд жок экен. Ошон үчүн омбудсменге эле кайрылбаса, башка бир уюм жок. Адам укуктары боюнча Эдвокаси борбору жалпы юридикалык консультация берилет – арызды жазып, же мыйзамда түшүнбөстүктөр болсо, мазмунун түшүндүрүп беребиз. Бирок аларды коштоп жүрбөйбүз. Биздин консультация акысыз.

Билим берүү министрлигинин маалыматында, азыр Кыргызстанда он миңге жакын чет элдик студент билим алат. Негизинен алар Казакстан, Кытай, Индия, Пакистан жана Түркиядан келгендер. Өкмөттүн эсебинде чет элдик студенттер жылына өлкөгө кеминде 50 миллион доллар алып келүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА: