Кызытмага каршы агенттик Орусияда кызытма программасы бар экенин төгүнгө чыгарды

MOSCOW, RUSSIA. JANUARY 20, 2016. A plate on the building of the Russian Anti-Doping Agency (RUSADA). The agency is resuming its work as it has been reinstated with some responsibilities, including an educational programme, the issuance of licenses, and transportation of samples. Alexander Shcherbak/TASS Россия. Москва. 20 января 2016. Здание Российского антидопингового агентства. РУСАДА возвращен ряд полномочий, агентство возобновляет работу. Александр Щербак/ТАСС

Орусиянын кызытмага каршы «РУСАДА» агенттигинин сайтында The New York Timesта чыккан материалга төгүндөмө чыкты. Материалда «РУСАДАнын» жетекчисинин милдетин аткаруучу Анна Анцелович Орусияда кызытма программасынын бар экенин моюнга алганы жазылган.

«РУСАДА» The New York Timesтагы макаланы төгүнгө чыгарып, басылманын журналисти Рэбекку Руизди Анцеловичтин сөзүн контексттен бөлүп салган деп күнөөлөдү.

Гезиттеги макалада Анцеловичтин Орусияда кызытма программасы бар экенин моюнга алган, аны «институционалдык тымызын бүтүм» деп атаган сөздөрү келтирилген.

Кызытмага каршы агенттиктин версиясы боюнча, чындыгында Анцелович декабрдын башында жарык көргөн баяндамасында Ричард Макларен «кызытманын мамлекеттик системасы» деген сөз айкашынан баш тартып, аны «институционалдык тымызын бүтүм» деген сөздөр менен алмаштырганын айткан.

«РУСАДА» өлкөдө кызытма системасы бар экенин моюнга алууга да, танууга да акысы жок экенин, анткени Орусиядагы кызытма жаңжалы боюнча иликтөөнү Тергөө комитети жүргүзүп жатканын билдирди.

Орусиянын кызытмага каршы агенттиги ар бир спортчунун өзүнө коюлган дооматтарга каяша айтуу укугун тааныйт.

Декабрдын башында канадалык юрист Ричард Макларендин баяндамасы жарык көрүп, анда ал Орусияда кызытма үлгүлөрүн алмаштырып коюунун системасы бар экенине, ал Лондондогу жана Сочидеги Олимпиадаларда колдонулгана далилдерди келтирген.

Сүрөт: ТАСС, Александр Щербак

ТЕМА БОЮНЧА: