Парламенттеги президенттин өкүлү Молдакун Абдылдаев коомдук түйүндөрдө президент тууралуу терс пикир айткандарды текшерүү сөз эркиндигин бузбайт деген пикирин билдирди. «Ата Мекендин» депутаттары Аида Салянова жана Наталья Никитенко УКМК сөз эркиндигинин жана демократиянын принциптерин бузуп жатат деп эсептешет.

Абдылдаев Башкы прокуратура «президенттин ар-намысына доо кетирген» жарандарды сотко берсе болоорун билдирди.

«УКМКнын аракеттери демократияга каршы багытталган эмес жана биз сөз эркиндигин бузган жокпуз. Бизде президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө мыйзам бар, анын алкагында Башкы прокуратура президенттин ар-намысына доо кетиргендерди сотко берүүгө акысы бар», — деди ал парламент жыйынында.

Оппозициячыл «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Аида Салянова жана Наталья Никитенко атайын кызматтар президент Алмазбек Атамбаевди коомдук түйүндөрдө сынга алган адамдарды таап чыгып жатышканына нааразы болушту.

«Интернетте депутаттардын да, аткаминерлердин да дарегине айтылган сын көп – бул кадимки эле нерсе жана ал тургай кемчиликтерди көрсөтүп турган жарандардын болгону жакшы. Укук коргоо органдары жөнөкөй адамдардын артынан түшүшүнө бул андан бетер себеп болбошу керек», — деди Никитенко.

Мурдагы башкы генпрокурор Аида Салянова мындай текшерүүлөр менен атайын кызматтар өлкөнү демократиядан ажыратып жатышканын айтты.

«Кызматтардын кымбат убактысын жана ресурстарын мындай ишке дегеле коротуп кереги жок. Минтип жүрүп отурса, биздин калыстыгыбыздан жана демократиябыздан эч нерсе калбайт», — деп эсептейт ал.

УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаев президентти колдогон КСДП партиясынын депутаты Ирина Карамушкинанын сурамына жооп кылып коомдук түйүндөрдө президентти сындаган кишилердин тизмесин келтирген.

Бул УКМК адамдарды президентке тескери пикир айтканы үчүн текшерип же суракка алган биринчи учур эмес.

2016-жылдын декабрында Ысык-Көл облусунун тургунун УКМК Атамбаевге карата жазылган сатира үчүн суракка алган. Ошол эле жылдын октябрында Карамушкина УКМКны президентке коомдук түйүндөрдөн сын айткандарга көз салууга үндөгөн.

ТЕМА БОЮНЧА: