«Боинг-747нин» кыйрашы: Экинчи «кара куту» табылды

Өкмөт Дача-Суу кыштагындагы «Боинг-747» кыйраган жерден учактын экинчи өзү жазгычы (кара куту) табылганын кабарлады. Аны эл аралык эксперттер чечмелешет.

Биринчи «кара куту» кулаган учактын ордунда издөө иштери жүрүп жатканда 17-январда табылган.

Борттук өзү жазгычтардын маалыматын Эл аралык авиациялык комитеттин (ЭАК) Кыргызстанга 17-январда келген адистери талдап чыгышат. «Кара кутулар» Москвага чечмелөөгө жөнөтүлөт.

Алардан тышкары, иликтөөгө окуяларды иликтеген АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңешинин (NTSB) эксперттер тобу жана Түркиянын Окуяларды иликтөө боюнча улуттук кеңешинин (Turkish Accident Investigation Board) эксперттери келип кошулду.

Бардык мекемелердин ишин Кыргызстандын Жарандык авиация агенттиги координациялайт.

«Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанына 16-январда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-Суу дача кыштагын басып калган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болуп, дагы 13 киши ооруканада жатат. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары.

Болжол менен 1 гектар аянтка чачырап кетип, учактын сыныктары 23 үйдү талкалаган.

ТЕМА БОЮНЧА:


Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу