Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов урандылардын алдында калып курман болгондорду издөө иштери аяктаганын кабарлады.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдиргендей жүк ташуучу учак кулагандан кийин урандылардын алдынан курман болгондорду алып чыгуу иштери аяктады.

ӨКМдүн Чүй облусу боюнча башчысы Жамбулбек Жумагулов Kloop.kgге айтканына караганда, кийинки иштер авиакырсыктын себептерин иликтей турган эл аралык эксперттер менен чогуу жүргүзүлөт. Кулап түшкөн учактын эң ири бөлүктөрүн куткаруучулар эксперттер менен кошо көтөрүп чыгышат.

«Боинг-747» учагы «Манас» аба майданынын жанына 16-январда Бишкек убактысы боюнча таңкы 7:20да кулап түшкөн. Ал жакын жайгашкан Дача-Суу дача кыштагын басып калган.

Жүк ташуучу учактын кулашынын айынан 38 киши курман болуп, дагы 13 киши ооруканада жатат. Курман болгондордун көпчүлүгү — дача кыштагынын тургундары.

Болжол менен 1 гектар аянтка чачырап кетип, учактын сыныктары 23 үйдү талкалаган.

Вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев Кыргызстандын өкмөтү курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 70 миң сомдон, ал эми президент Алмазбек Атамбаев 100 миң сомдон бөлүп берээрин билдирди.

Учакка ээлик кылган MyCargo Airlines компаниясы да курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берет.

ТЕМА БОЮНЧА:


Сүрөт: Тилек Бейшеналы уулу