Британдык айкелчи Жейсон де Кайрес Тейлор суу астындагы үчүнчү айкелдер музейинин автору болуп калды. «Museo Atlantico» Испаниядагы Лансароте аралынын жанындагы суу астында ачылды, анын 300 экспонаты — арал тургундарынын так көчүрмөлөрү.

Лансароте аралынын жанында 12 метр тереңдикте суу астында ачылган Museo Atlantico музейи Европадагы биринчи суу астындагы музей болуп калды.

Мурда долбоордун автору Жейсон де Кайрес Тейлор ушундай музейлерди Мексиканын Канкунунда жана Гренададан анча алыс эмес жердеги Кариб деңизинин суусунда салган.

Айкелдердин баары — арал тургундарынын так көчүрмөсү.

Музей 2017-жылдын январында ачылды. Эми Атлантика океанынындагы суу түбүнүн көркүн ачып жаткан айкелдердин баары реалдуу прототиптердин — Лансароте аралынын тургундарынын негизинде жасалган.

Экспонаттарды көрүш үчүн көрүүчүлөр атайын кийим кийип, сууга түшүшү керек.

12 метр тереңдикте өзүнүн кадимки өлчөмүндөгү 300 кишини айкели орнотулган.

Деңизге түшүрүлгөнгө чейин айкелдер жээктен сүрөткө тартылган.

Туристтер ар кандай тематикадагы 12 инсталляция көрө алышат: алардын арасында жер-жемиш тартылган натюрморт же кеңсе кызматкеринин айкели сыяктуу күнүмдүк турмуштун көрүнүштөрүнөн тартып биримдикти, дүйнөнү жылуулук капташын билдирген философиялык серияларга чейин бар.

Тейлор «Museo Atlantico» үчүн айкелдерди үч жыл жасаган.

Айкелдерге полиптер, анемондор, кораллдар жана башка деңиз тургундары үйүр болуп калышты.

Айкелдер туздуу деңиз суусуна жана суу астындагы агымдарга чыдамдуу экологиялык материалдардан жасалган.

Айкелчинин мүдөөсү боюнча, экспонаттар музейде жок дегенде жүз жыл турушу керек.

Сүрөт: Museo Atlantico

ТЕМА БОЮНЧА: