Президент Садыр Жапаров Лос-Анжелеске люкс класстагы жаңы бизнес-джет менен барды. Учактын болжолдуу баасы 40 млн доллардан ашат. Анын бооруна Кыргызстандын желеги тартылган.
Садыр Жапаров АКШга 1-октябрда, Кыргызстандын алгачкы спутнигин учурууга арналган иш-чарага барды. Temirov Live басылмасы өлкө башчысы 2019-жылы чыккан люкс класстагы Gulfstream G650ER менен учканын аныктады.
Сатуучунун сайтында учак жакында эле сатылганы көрсөтүлгөн. Ошол эле жерде, аны толук сатып алуу сунушталган эмес — учакка ээлик кылган компаниянын болжол менен 75%га чейинки үлүштүк катышы сунушталган. Келишимдин шартына ылайык, сатып алуучулар экиден ашпашы керек болчу.

Сатуучу бизнес-джеттин чыныгы баасын жана компаниядагы үлүштүк катышын ачык айтпайт, бирок интернеттеги бул моделдин учактары сатылат деген жарыяларга караганда, болжол менен 43-45 млн доллар турат.
Жапаров учуп жүргөн бизнес-джетти ким жана канча акчага алганы белгисиз.
Gulfstream G650ER 16 жүргүнчүгө ылайыкташкан, анда жети уктоочу орун бар. Салондун ичи кымбат баалуу материалдардан жасалгаланган. Эс алууга арналган бөлмө жана сүйлөшүүлөр өтүүчү жер өз-өзүнчө, ашканасы жана шарап муздатуучу жабдуусу да бар.
Бул Садыр Жапаров колдонгон Gulfstream маркасындагы биринчи, ал тургай экинчи дагы люкс класстагы бизнес-джет эмес. Адатта мындай аба кемесин миллиардерлер, ишкерлер же эл аралык класстагы жылдыздар — мисалы, Илон Маск, Жефф Безос, Ким Кардашьян, Майкл Жордан пайдаланышат.

Буга чейин президент молдовалык бозгун олигарх Илан Шор башка эле кишилердин атынан сатып алган учактарды колдонуп келген. Шор болсо бир нече жылдардан бери Кыргызстан аркылуу санкцияларды айланып өтүп, Орусияга миллиарддаган доллар алып өтүүгө көмөктөшүп келет.
Президент Жапаров колдонгон учактардын бири — ошондой эле Gulfstream G650ER — бирок 2018-жылы чыккан. Ал 22 млн долларга сатып алынган. Дагы бири, жупунураак — 2013-жылы чыккан Gulfstream G450 — баасы 18 млн доллар.
Жапаров бул учактарды чет өлкөлөргө мамлекеттик сапарга чыкканда пайдаланат. Булардын бооруна дагы Кыргызстандын желеги түшүрүлүп, Kyrgyz Republic деп жазылган.
Ошол эле учурда Кыргызстандын №1 борту дагы бар. Ал 2002-жылы чыккан «Airbus 320, аны 2024-жылы бюджеттик каражатка сатып алышкан. Так баасын бийлик ачыктаган эмес.





