Журналист Эрнис Кыязов бийликке сын айткан саясатчылардын маегин жарыялабай, себеп катары шайлоо үгүт-иштерин айтып жатат. Буга чейин финполдун мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевдин маегин чыгаруудан баш тарткан болсо, эми ИИМдин экс-башчысы Өмүрбек Суваналиевдин маеги чыкпай турган болду.
«Жакында подкастыма Сыймык Жапыкеев, андан соң Өмүрбек Субаналиев келип кетишти. Маектер курч. Харизмалар гүп-гүп. Темалар өткүр. Эки подкаст тең үзүлбөй-кесилбей дапдаяр кылынып ютубга чыгаар учурун күтүп турат», — деп жазды Эрнис Кыязов соцтармактагы барагына.
Кыязов эки саясатчынын тең «ичиндегисин бүт баарын кенен-чонон айттырып алганын» жана экөө менен тең «нюанстар такташып, макулдашылганын» белгилейт.
«Жеке мен өзүм ютуб каналымда эч ким айтпаган, эч кимди кайталабаган курч, өзгөчө пикирлердин болушуна өтө-өтө кызыкдармын», — деген Кыязов, маектерди эми үгүт маалы келсе болгону болгондой чыгарын кайталап.
Бирок мурда журналист саясат таануучу Бакыт Бакетаев менен сүйлөшкөндөн кийин маектерди чыгарбайм деп чечкенин жазса, бул жолу Жапыкеев жана Суваналиев менен жекече макулдашуу болгонун баса белгилеген.
«Айтор, үгүт маалы келсе, эки подкаст тең болгону болгондой чыгат. Толук маекти үгүт маалы башталганга чейин чыгарбай кое туруу Ө. Субаналиевдин, С. Жапыкеевдин өздөрүнүн масилети, кеңеши, каалоосунан кийинки чечим», — деп жазды Кыязов.
Мурда болсо «шайлоо фондунан мыйзамдуу төлөмдөн кийин» чыгарам деген болчу.
Кыргыз мыйзамдарына ылайык, шайлоонун үгүт кампаниясы талапкерлерди каттоо аяктаганда башталат. 28-сентябрга карата БШКга 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого катышуу тууралуу бир да арыз түшө элек. Үгүт иштери 23-декабрда башталмакчы.
Демек, маекте шайлоонун үгүт-иштерине мүнөздүү белгилер — добуш берүүгө чакырыктар, мисалы, болсо деле — агитация деп саналбайт, анткени азыр эч нерсе баштала элек.
Кыязовго курган маегинде Жапыкеев президенттик шайлоого талапкер болууга ниеттенип жатканын гана айткан. Анонсуна караганда, интервьюда бийликке курч сын айтылгандай.
Мурдарак президенттик шайлоого талапкерлигин коюу ниетин өлкө башчысы Садыр Жапаров менен мурдагы ИИМ башчысы Өмүрбек Суваналиев билдиришкен. Президент журналист Али Токтакуновго курган маегинде, Суваналиев «Азаттыкка» айтып берген. Агиткампания расмий 23-декабрда башталат.

Сыймык Жапыкеев дагы Өмүрбек Суваналиев дагы азырынча президенттикке талапкер эмес. Жапыкеевдн мурдагы интервьюсунан кийин Кыязов УКМКга кирип чыккан. Анда атайын кызмат менен «сылык-сыпаа маектешип» чыкканын жазган.
«“Коркоксуңбу? Коркпойлэ кой да эй!" дегендер, "кайдан кулак чыгарса, казанчынын өз эрки" деген азыркыдай соттук-укуктук алешем системада ар кимди "алакүшш.." деп көкүтө бербесеңерчи өй… Мына өө-өткөндө эле менин подкастыма маекке келип кеткен Мавлян Аскарбеков коркпой ачык-айкын сүйлөп атып соттолуп, абакка кесилип кетти эле "коркпо эле коркпо!" деп аткандардын канчасы диванынан козголуп ошерге барып күйүп-жанды? Ошон үчүн, ар кимибиз жашообуздагы максатты так аныктап, саал акыл менен иш кылалы ээ», — деп жазат Кыязов.





