«Зенит-Арена»: Алдамчылык жана жаңжалга толгон он жыл

Стадионду ишке берүү мөөнөтү канча жолу жылдырылып, анын курулушундагы махинациялык иштер боюнча кимдер камалган? ФИФАнын талаптарына жооп бериши үчүн Орусиядагы эң кымбат «Зенит-Аренага» дагы эмнелер жетпейт?

«Зенит-Арена» же болбосо «Крестовский» стадиону — Орусиянын жаңы тарыхындагы эң ири курулуш. Анын курулушу он жылдан бери уланып, анын айланасындагы жаңжалдар болсо дале басылбай келүүдө.

Стадиондун курулушуна өлкө бюджетинен 41 млрд рубль бөлүнгөн. Бирок Орусиянын вице-премьери жана мурдагы спорт министри Виталий Мутко жакында эле жарыялагандай, «Зенит-Аренаны» ФИФАнын талаптарына жооп бере турган деңгээлге жеткириш үчүн дагы эки миллиард рубль керек.

Виталий Мутко. Сүрөт: Спорт Экспресс
Виталий Мутко. Сүрөт: Спорт Экспресс

Мутконун билдиришинче, учурда стадион ички чемпионаттарды өткөрүү боюнча талаптарга гана жооп берет, ал эми дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү үчүн ийине жеткирип бүтүрүү керек.

«Кошумча коопсуздук периметрлери керек, автомобиль жана автобустар үчүн кирүүчү аймак, чемпионат учурунда биз демөөрчүлөрдүн жана техникалык күркөлөрдү курушубуз керек. Бул да ресурсту талап кылат. Ошондой эле пресса зонасын кеңейтип, wi-fi туташтырыш керек. Стадиондо сүрөт тартыш үчүн жок дегенде 30 камера болот. Мындан тышкары VIP категориясында тейлөө боюнча талаптар. Ар кандай эмеректер жана ашкана жабдыктары. Мунун баары жалпы курулуш долбооруна кирбейт», — деди ал.

Стадионду ФИФАнын талаптарына шайкеш келтириш үчүн орус өкмөтү, аймактардагы бийликтер акча бөлүп, Эл аралык футбол федерациясы жардам көрсөтөт.

Бирок бюджеттен бөлүнгөн бардык эле каражат стадиондун курулушуна жана кошумча иштерине жумшалган эмес. Адистер «Зенит-Аренанын» курулушунда келтирилген жалпы зыянды 700 миллион рубль деп баалашкан.

Ири курулуш коррупциялык жаңжалдарсыз жүргөн эмес.

Былтыр ноябрь айында Смольнинск райондук соту Санкт-Петербургдун мурдагы вице-губернатору Марат Оганесянды 2014-жылы 50 млн рубль уурдады деп айыптаган.

Марат Оганесян. Фото: РИА Новости/Михаил Киреев
Марат Оганесян. Сүрөт: РИА Новости/Михаил Киреев

Болжолдуу түрдө махинация «Трансстрой» башкы жалданмачы менен «ТДМ» акционердик коомунун ортосунда стадионго табло жеткирүү жөнүндө келишим түзүү учурунда катталган. Оганесян он жылга чейин камалып кетиши мүмкүн.

Бул «Зенит-Аренанын» курулушу учурунда жүз берген жалгыз жаңжал эмес. 2015-жылдын февралында чоң өлчөмдөгү алдамчылык факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол иштин башкы фигуранты болгон бизнесмен Сергей Герлиман 145 млн рублди мыйзамсыз накталай түрдө алганын мойнуна алган. Бирок ошол эле жылдын мартында ал эркиндикке чыгып, ал эми иш болсо мөөнөтү өтүп кеткендиктен улам жабылып калган.

Фото: Станислав Забурдаев
Сүрөт: Станислав Забурдаев

«Крестовский» стадиону акчаларды эле эмес, адамдардын жашоосун да алып кеткен.

Өткөн жылдын ноябрь айында курулуш жүрүп жаткан аймакта жумушчунун сөөгү табылган. Ал Түндүк Кореянын жараны болуп чыккан. Медэкспертизанын натыйжасы боюнча, ал жүрөгү кармап калып каза болгон.

Бул да адам өлүмүнө байланышкан жалгыз окуя эмес.

2015-жылдын декабрында бир канча күндүн ичинде эле эки жумушчу көз жумган. Экөө тең этиятсыздыктын натыйжасында стадиондун чатырынан кулап түшкөн.

Сегиз айдан кийин 2016-жылдын август айында дагы бир жумушчу каза болгон. Ал ооруканага жаткырылганы менен дарыгерлер аны сактап кала алган эмес.

Өткөн жылдын октябрында шахтанын лифти үзүлүп түшүп, 32 метр бийиктиктен курулушта иштеп жаткан дагы бир жумушчу каза тапкан.

Фото: Питер Арена
Сүрөт: Корпорация Трансстрой

Андан тышкары стадион техникалык мүчүлүштүктөрүнө байланыштуу көптөгөн сын пикирлерге кабылган.

Аренаны тапшырууга бир ай калганда ФИФАнын комиссиясы стадиондун жылма талаасын оюндар үчүн жараксыз деп тапкан. Анын вибрациясынын деңгээли коюлган талаптан жети эсе көп болуп, ал эми зыяндуу болгон заттардын стадиондун аймагында болушу жашоо үчүн кооптуу.

Курулуштун жүрүшүндө стадиондун жылма чатырына байланыштуу көйгөйлөр да катталган. Чатыр техникалык талаптарга жооп бербей, тиешелүү түрдө иштеген эмес.

Фото: Станислав Забурдаев
Сүрөт: Станислав Забурдаев

«Крестовский» стадиону 2007-жылы салына баштаган. Ошондон бери анын ишке берилиш мөөнөтү эң эле жок дегенде сегиз жолу кийинкиге калтырылган, ал эми бюджети болсо жети эсеге өскөн. 2017-жылга карата «Зенит-Аренага» бюджеттен 43 миллиард рубль (1,5 миллиард доллар) бөлүнгөн.

Адегенде стадиондун курулушун «Зениттин» расмий демөөрчүсү болгон «Газпром» компаниясы каржылайт деп пландаштырылган. Бирок кийинчерээк курулуш шаар бюджетинен каржыланаары белгилүү болгон.

Стадион 2007-жылы курула баштаганда план боюнча ал 6,7 миллиард рублге салынып, 2009-жылдын мартында колдонууга берилиши керек эле.

Анын бюджети жана мөөнөтү сегиз жолу өзгөргөн, соңку тапшыруу мөөнөтү 2016-жылдын 30-декабры болчу. Расмий түрдө стадион көрсөтүлгөн күнү колдонууга берилип, бирок ФИФАнын талаптарына шайкеш келиши үчүн кайра иштеп чыгуу чечими кабыл алынган. Эми ал дагы эки ай курулуп, 31-мартта ишке берилмекчи.

Фото: Reuters
Сүрөт: Reuters

Стадиондун курулушу шаар казынасынын эсебинен жүрүп жаткандыктан бул мектеп жана балдар бакчасын каржылоого өз таасирин тийгизген.

2016-жылдын августунда белгилүү болгондой, стадиондун курулушу Санкт-Петербург шаарындагы мектептерди каржылоону эки эсе кыскартуунун эсебинен улантылган. Андан тышкары балдар бакчасын, ооруканаларды жана турак-жайлардын курулуштары убактылуу токтотулуп турган.

Расмий маалыматтар боюнча, мектептердин курулушунун бюджети 505 миллион рублге, балдар бакчасы 313 миллион рублге, маданий мекемелер 126 миллион рублге, саламаттык сактоо мекемелери 915 миллион рублге кыскарган. Ошондой эле 88 миллион рублди Санкт-Петербургдагы турак-жайлардын курулушунан алып турушкан.

«Зенит-Арена» 2017-жылдын жай мезгилинде конфедерациялар кубогунун матчын кабыл алат. Ал эми 2018-жылы стадиондо футбол боюнча дүйнө чемпионаты жана 2020-жылы болсо Европа чемпионаты өтөт.

Стадион эбак эле дүйнөнүн эң кымбат аянтына кирген. «Зенит» футбол клубунун өз аренасы 1,5 миллиард доллар турат. Ал он жылдан берип салынып жатат, ал эми стадионго 68 000 адам батышы керек.

«Зенит-Арена» стадионун дүйнөдөгү башка спорттук объекттер менен салыштырып көрө турган болсок:

«Альянц Арена»
«Бавариянын», «Мюнхен 1860тын» жана футбол боюнча Германия курамасынын стадиону.

Фото: maxisciences.com
Сүрөт: maxisciences.com

Курулуш башталган жылы: октябрь, 2002-жыл.
Ачылган: май, 2005.
Баасы: 360 миллион доллар.
Канча көрүүчү батат: 75 000.

«Донбасс Арена»
Донецктик «Шахтёрдун» талаасы.

Фото: РИА Новости
Сүрөт: РИА Новости

Курулуш башталган жылы: июнь, 2006.
Ачылган: август, 2009.
Баасы: 400 миллион доллар.
Канча көрүүчү батат: 53 000.

«Уэмбли»
Футбол боюнча Англия курамасынын талаасы.

Фото: stadions.org
Сүрөт: stadions.org

Курулуш башталган жылы: август, 2003.
Ачылган: март, 2007.
Баасы: 950 миллион доллар.
Канча көрүүчү батат: 90 000.


ТЕМА БОЮНЧА: