УКМК «тергөөгө тоскоолдук кылуу» боюнча иш козгоп, укук коргоочулардан шек саноодо

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун өкүлү экстремизм боюнча шектүү кишини колго түшүрүүдө тергөөгө жолтоо болгон деп эсептейт. Бул факты боюнча атайын кызмат кылмыш ишин козгоду. Укук коргоо уюмунун башчысы УКМКны «каралоо» үчүн сотко бермекчи.

Иш козголгону тууралуу 1-февралда белгилүү болду. Мурда УКМК иш козголоор-козголбосун териштирүүгө убада берген.

Атайын кызмат «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун укук коргоочулары экстремисттер менен байланышы бар деп шек саналган кишинин үйүн тинтүүгө жолтоо болуш үчүн «чатак чыгарууга аракет кылышканын» билдиришүүдө.

«Бул өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү А.Ш. кармалып жаткан учурда анын жашаган жерин тинтүүгө жолтоо кылыш үчүн чатак чыгарууга аракет кылышкан», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

«Бир Дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова шектүү киши кармалып жаткан жерде ал башкарган уюмдун кызматкерлери болбогонун билдирди.

«Ал жигит кармалып жаткан учурда кызматкерлер да, адвокаттар да болгон эмес. Анын эмнеге кармалып жатканын эч кимибиз билген эмеспиз», — деди ал.

Исмаилова муну өзү башкарган уюмду «каралоо» деп эсептейт. Ал «Бир Дүйнө — Кыргызстан» атайын кызматтар менен соттошууга ниеттенип жатканын билдирди.

«Биз доо арыз камдадык, эми соттошобуз. Биринчиден, “Бир Дүйнө” уюмуна чабуулду токтотуш керек. Экинчиден, биз 2015-жылдын жазында “Бир Дүйнөнүн” кеңсесинде мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн тергөөчүлөрдү жоопко тартыш үчүн бир нече жолу Башкы прокуратурага кайрылганбыз», — деди ал.

Анын айтымында, атайын кызматтар кармаган адам «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун Оштогу юристи Валерьян Вахитовго кайрылган. Исмаилова шектүү жарандын кызыкчылыгын Вахитов жеке адвокат катары коргогонун айтат.

Ал укук коргоо уюму дайыма атайын кызматтардын «бутасында» турат деп эсептейт. 2015-жылы марттын аягында УКМК «Бир Дүйнө — Кыргызстан» уюмунун Оштогу кеңсесинде жана адвокат Вахитовдун үйүндө тинтүү жүргүзгөн.

Анда УКМК кызматкерлери укук коргоочулардун кызматтык ноутбуктарын жана алар алып барган кылмыш иштеринин материалдарын алып кетишкен.

Тинтүү «экстремизмге» тиешеси болушу мүмкүн деп шек жаратып жаткан америкалык журналист Умар Фарукка байланыштуу жүргүзүлгөндүктөн, анда атайын кызмат адвокаттардын өзүнө эч кандай кине койгон эмес.

Сүрөт: «Бир Дүйнө — Кыргызстан»


ТЕМА БОЮНЧА: