Сариев президенттик кызмат үчүн ат салышат

Мурдагы премьер министр Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев 2017-жылдагы президенттик шайлоого катыша турганын билдирген алгачкы кыргыз саясатчысы болуп калды. Ал эмитен эле өлкөнү өнүктүрүү программасын түзүп, Конституцияны өзгөртүүгө убада берди.

Мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев 2017-жылдын күзүндө боло турган президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөтүүгө даярданууда.

Өз чечимин Темир Сариев 4-февралда «Ак Шумкар» партиясынын жыйынында айтты.

Сариев президенттикке шайланса коррупция менен күрөштү баштап, өнөр жай ишканаларын ишке киргизүүгө убада берүүдө. Мындан тышкары, ал Конституцияны өзгөртүүнү көздөп жатат.

«Мурдагы премьер-министр Конституциянын кемчиликтерин көрсөтүп, партия Башмыйзамга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилге көтөрөөрүн билдирди. Темир Сариев парламенттин жарымы партиялык тизме боюнча, кийинки жарымы өз талапкерлигин көрсөткөндөрдөн түзүлүшү керек деп эсептейт», — деп жазат «Азаттык» үналгысы.

Темир Сариев — азырынча президенттикке ат салышууну пландаган бирден бир саясатчы.

Мурда кыргыз ЖМКларында президенттик кызматка парламенттин мурдагы спикери жана салык кызматынын мурунку жетекчиси Акматбек Келдибеков ат салышаары жөнүндө маалымат пайда болгон.

Башка талапкерлер белгисиз.

Темир Сариев — Кыргызстандын эң белгилүү саясатчыларынын бири. Анын карьерасынын туу чокусу 2015-2016-жылдары ээлеп турган премьер-министрдин кызматы болгон.

Ага чейин ал каржы министри, парламент депутаты жана 2010-жылдагы революциядан кийин өлкөнү башкарып турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири болгон.

Сариевдин премьерлик кызматына 2016-жылдын башында Балыкчы-Корумду жол курулушунун айлансындагы жаңжал көлөкө түшүргөн.

Лицензиясы жок кытайлык «Лонг Хай» компаниясы жол курулушу боюнча тендерди утуп алганы билинген соң, ага өкмөт адегенде транспорт министри Аргынбек Малабаевди күнөөлөп, бирок ал бул иштерге Сариев өзү да тиешеси бар экенин билдирген.

Сариев кытай компаниясынын кызыкчылыгын сүрөмөлөгөнүн танса дагы, кызматын тапшырып, азыркы премьер Сооронбай Жээнбековго ордун бошотуп берген.


ТЕМА БОЮНЧА: