Оппозициячыл журналист Орунбековго каршы иш токтотулду

Оппозициячыл журналист Дайырбек Орунбековго каршы кылмыш иши мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Президенттен эл алдында кечирим суроо жана ага 2 миллион сом компенсация төлөп берүү тууралуу соттук чечимди аткарбагындыгы үчүн ага каршы иш козголгон болчу.

Орунбековдун коомдук жактоочусу Адил Турдукулов билдиргендей, журналистке каршы иш мунапыска байланыштуу токтотулган.

Президент Алмазбек Атамбаевге 2 миллион сом компенсация төлөп берүү жана эл алдында андан кечирим суроо тууралуу соттук чечимди аткарбагындыгы үчүн Башкы прокуратура 2016-жылдын августунун башында журналистке каршы жаңы иш козгогон болчу.

Бул кылмыш иши токтотулганы менен Орунбеков мамлекет башчыга компенсация төлөп берүүгө дагы эле милдеттүү. Ошондой эле ал өлкөнүн чегинен эч жакка чыга албайт.

«Көптөгөн кеңештерге карабай Дайырбек Орунбеков сыртка чыгып кеткени жок жана да системаны жеңе алды», — деп жазды Турдукулов өзүнүн фэйсбуктагы барагында.

Журналист менен президенттин ортосундагы тирешүүнүн башталышына Орунбековдун макаласы себепкер болгон. Ал анда 2010-жылдагы улут аралык жаңжалдын чыгышына башка саясатчылар менен бирге Атамбаев күнөөлү деп жазган болчу.

Башкы прокуратуранын доо арызы боюнча сот журналист Атамбаевге эки миллион сом төлөп бериши керек деген чечим чыгарган, Орунбеков өз кезегинде анда мынчалык каражат жок экенин билдирген. Айып пулду төлөп бериш үчүн ал элден каражат чогулта баштаган — ар бир адамдан бир сомдон.

2016-жылдын июлунда Аламүдүн райондук соту Орунбековго таандык maalymat.kg сайтына тыюу салган. Соттун түшүндүрүүсү боюнча, журналист президентке компенсация төлөп берген эмес, ал эми анда эч бир мүлк болбогондуктан, мамлекет анын сайтын алган.

Андан мурдараак 2015-жылы жыйынтыктоочу пресс-конференцияда президент Атамбаев «кайсы бирөөлөрдөн алган акчасын актап жатат» деп журналистти күнөөлөгөндүгү үчүн ал мамлекет башчынын өзүн сотко берген.


ТЕМА БОЮНЧА: