Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрында 11-февраль күнү «Ромео жана Жульетта» спектаклинин премьерасы модерн стилинде өттү. Премьерага келгендердин саны 800дөн ашык адамды түзүп, зал толуп калды.

Жаш Ромео менен Жульеттанын белгилүү сүйүү окуясын Бишкектеги театрда кыргыз балетинин жаш жылдыздары ойношту.
Негизги партияларды Тилек Кийизбаев (Ромео), Дарика Дунганова (Жульетта), Марат Сыдыков (Меркуцио), Дмитрий Быков (Бенволио), Айбек Темиралиев (Парис), Элес Арыков (Тибальт), Елена Овчинниковалар (няня) ойношту.
Башкы эркектердин ролдорун ойногондор — Марат Сыдыков, Айбек Темиралиев, Тилек Кийизбаев — кыргыз балетинин учурдагы жылдыздары. Сыдыков — эл аралык сынактардын призёру, Кийизбаев — опера жана балет театрынын ар дайымкы солисти, ал эми Темиралиев француз балет труппасында бийлеген.

Шекспирдин чыгармачылыгын сүйгөндөр пьесадан кезиктирбеген жаңы каарман да пайда болгон — бийкеч Тибальта, анын ролун Мадина Миңжылкыева ойноду.
Пьесадагы окуялар орто кылымдагы Веронадан XX кылымдагы Веронага айланган. «Саркеч» доордогу кийимдер Шекспир сүрөттөгөн дүйнө менен шайкеш айкалышкан.

Режиссёр Максат Сыдыков Уильям Шекспирдин чыгармасын модерн стилинде коюуда композитор Сергей Прокофьевдин обонун колдонгон.
Уюштуруучулар пьесаны Шекспир менен Прокофьевди алдыдагы эскерүү күнүнө арнашкан. Композитор 23 апрелде төрөлгөн. 2017-жылы ага 125 жыл толот. Ушул эле күнү 400 жыл мурда Уильям Шекспир көз жумган.
Премьерага 800дөн ашуун адам келди.

Бул спектакль опера жана балет театрында 14-февралга чейин коюлат, баасы 600дөн 800 сомго чейин.

Сүрөт: Александра Титова, Адыл Кадыралиев


ТЕМА БОЮНЧА: