Жол эрежеси сакталбагандыктан улам 60тан ашык маршрутка штрафстоянкага жөнөтүлгөн

Бишкекте 9-февралдан тарта маршруткалардын айдоочуларынын жол кыймыл эрежесин сактаганын текшерүү үчүн патрулдук милициянын рейди башталган. Эки күндүн ичинде ЖКЭни бузуу боюнча 500 факт катталып, штрафстоянкага 60тан ашык кичи автобус жөнөтүлгөн.

Маршрутканын айдоочулары эң көп туура эмес жерде токтотуп жол кыймыл эрежесин бузган. Эреже бузуу факттары боюнча патрулдук милиция ЖКЭнин мааниси тууралуу профилактикалык маектешүүлөрдү жүргүзүүдө.

Коомдук траспорттордун ЖКЭни сактаганын текшерүү боюнча рейд 16-февралга чейин уланмакчы. Рейддин максаты — Бишкектин жолдорун тартипке келтирип, жол-транспорт кырсыктарын азайтуу.

ШИИБ 2016-жылдын ноябрында маршруткалардын айдоочуларын ЖКЭ боюнча сынактан өткөрүп, анда чакырылган 18 айдоочунун бири да сынактан өткөн эмес.

ЖКЭни сактабаган маршрутканын айдоочулары көбүнчөсү жол кырсыктарынын себепчиси болуп калат.

Борбордогу жол кыймылын жеңилдетип, бишкектиктерди маршруттук таксилерден көз карандысыздыгын азайтуу үчүн мэрия троллейбустар менен автобустардын санын көбөйтүү ниетинде. Алар үчүн өзүнчө жол тилкелери бөлүнмөкчү.

Андан тышкары мэриянын Бишкекти кеңейтүү пландары бар. Ал үчүн «жеңил типтеги объекттер» жана дарактардын бир бөлүгү алынмакчы.

Жолдорду кайра куруу жана кеңейтүү иштерин мэрия 1-марттан тарта баштамакчы.


ТЕМА БОЮНЧА: