Сарпашев Бакиевдин кыймылсыз мүлкү боюнча иликтөө бүткүчө МКК башчысынын кызматынан убактылуу кетти

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев бир айга өз ыйгарым укуктарын тапшырды. Ал ушул мөөнөттө мекеме аралык комиссия Максим Бакиевдин мүлкүн камактан чыгаруудагы анын күнөөсү бар-жогун териштирет деп эсептейт.

Сарпашев өзү бир айга чейин ыйгарым укуктарын тапшырып турууну чечкенин билдирди. Анын айтымында, бул арада Максим Бакиевдин жер участогуна тиешелүү маселелердин баары чечилиши керек.

Ал бул маселе саясий мүнөз күтүп баратат деп эсептейт. Сарпашев Максим Бакиевдин жер участогун камактан чыгаруу маселесин көтөрүү кимге пайдалуу экенин боолголоп жатканын айтты, бирок конкреттүү фамилияларды атаган жок.

«Бул жерде чоң саясий күчтөр аракеттенип жатат, арасында президенттикке талапкерлер да бар деп ойлойм. Алар шайлоо эскиче, мыйзам бузуу менен өтүшүн каалашат окшойт», — деди ал.

Өкмөт мекеме аралык комиссия түздү, ал Максим Бакиевдин жери камактан чыгарылганына байланыштуу Сарпашевди кызматтан кетирүү жөнүндө Башкы прокуратуранын сунушун карап чыкмакчы. Комиссия бир ай иштеп, Сарпашевди кызматтан кетирүү маселесин чечет.

Башкы прокуратура Сарпашевди Скрябин көчөсүндөгү 45-45а дарегиндеги кыймылсыз мүлкүн камактан чыгарганда мыйзамды бузду деп айыптоодо. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, бул мүлк Ульяна Пакка таандык, аны бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин «ишеничтүү адамы» деп атап жүрүшөт.

Максим Бакиевдин мүлкүн камактан чыгарганы үчүн Сарпашевдин кызматтан кетишин парламенттеги «Республика — Ата-Журт» фракциясынын Өмүрбек Бабанов да талап кылган, ал да быйыл жыл аягында президенттик кызматка талакерлигин коёт деген божомол бар.

Сарпашев өзү күнөөсүн танып, Максим Бакиевдин жери камакка алынган эмес деп эсептейт.

«Скрябин көчөсүндөгү 45-45а дарегиндеги жер участогу эмне үчүн камакка алынбаганын тергөө териштирет деп үмүт кылам. 1,28 гектар аянттагы жер участогуна кайра каттоо учурунда камак коюлган эмес», — деди ал.

Тайырбек Сарпашев 2015-жылдын ноябрынан тартып Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеп келатат.


ТЕМА БОЮНЧА: