Башкы прокуратура оппозициячы Текебаевди суракка чакырды

Парламенттеги «Ата Мекен» фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев Башкы прокуратурага суракка чакырылганын кабарлады. Мурда ал президент Алмазбек Атамбаевдин Кипрдеги кыймылсыз мүлкү тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга убада берген болчу.

Текебаев «Азаттык» үналгысына курган маегинде Башкы прокуратурага барбай тургандыгын, анткени ал учурда конференцияда болоорун айтты.

Оппозициядагы саясатчы 13-февралда Атамбаевдин Кипрдин оффшорундагы мүлкү тууралуу маалымат тапканын билдирген. Ал жакын арада бул тууралуу бардык маалыматты журналисттерге берүүгө убада берген.

Ошол эле күнү президент Башкы прокуратурага оппозициячынын сөздөрүн текшерип чыгууну тапшырган. Башкы прокуратура ал текшерүүнүн тыянагын президентке жана коомчулукка айтышы керек.

Текебаев өлкөнүн парламентинде өзүн бийликтин негизги оппоненти катары көрсөтүүдө. Былтыр күзүндө ал президентти Кой-Таш айылында үй салыш үчүн кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз сатып алды деп күнөөлөгөн. Анда да президент Башкы прокуратурага бул маалыматтарды текшерүүнү табыштап, ал болсо келишим мыйзамдуу түзүлгөн деген тыянакка келген.

Текебаев быйыл март айында президентке импичмент жарыялоого ниеттенүүдө. Азыр ал кийинчерээк анын жол-жобосу боюнча демилге көтөрүш үчүн зарыл материалдарды чогултууда.

«Ата Мекендин» башчысы жана Убактылуу өкмөттүн бир катар мурунку мүчөлөрү президент менен Конституцияга киргизилчү түзөтүүлөр боюнча пикири келишпей калганда Текебаев менен Атамбаевдин тирешүүсү башталган.

Ошого карабастан, түзөтүүлөр 2016-жылдын 11-декабрында референдумда кабыл алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: