Милиция Атамбаевдин мурдагы жан сакчысын кармап, анан коё берди

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиевди милиция кармады. Анын автоунаасынын терезеси караңгылатылып, анда «жасалма номерлер» тагылып, ал эми автоунаадан мылтык табылган. Мамбеталиев протокол түзүлгөн соң коё берилген.

ШИИБнин басма сөз катчысы Олжобай Казыбаев Kloop.kg менен болгон маекте 15-февралдын түнү эки автоунаа токтотулганын айтты. Биринде Эркин Мамбеталиев болсо, экинчисинде аны коштогондор жүргөн.

Казыбаевдин айтымында, токтотулган автоунаалардын терезеси күңүрттөлүп, өздөрүндө «жасалма» мамлекеттик номерлер болгон.

«Алар терезеси күңүрттөлгөн автоунаада жүргөн. Ичинде мергенчи мылтык болгон. Жанында документтери болгон эмес. Жасалма номерлер менен жүрүшкөн», — деди Казыбаев.

Милиция протокол түзгөн соң Мамбеталиев коё берилген.

Эркин Мамбеталиев биринчи президент Аскар Акаевдин убагынан бери эле Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп келген, дейт президенттин мурдагы жардамчысы, азыр оппозициячы Адил Турдукулов.

Мамбеталиев Атамбаевди 2005-жылга чейин коргоп жүргөн, андан кийин алар расмий жолугушкан эмес, эмнеси болсо да 2011-жылы президент болгондо Атамбаев өзү ошентип айтканы бар.

Бирок мурда Атамбаевдин чөйрөсүндө жүргөн айрым саясатчылар — ИИМдин мурдагы башчысы жана Турдукулов — президент менен анын мурдагы жан сакчысынын ортосунда «жылуу мамиле» сакталып калганын жана алар бир нече жолу кезигишкенин айтып жүрүшөт.

Мамбеталиевди кылмыш дүйнөсү менен да байланыштырып жүрүшөт, атап айтканда аны Рысбек Акматбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү деп атап жүрүшкөн.

Президенттин мурдагы жан сакчысы бир нече жолу, 2004-жылы, андан соң 2006-жылы кармалган. Эки кармалышы тең милициянын полковники Чыныбек Алиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу болгон. Кийинчерээк Мамбеталиев күнөөлүү деп табылып, өмүр бою камакка кесилген.

Бирок 2010-жылдагы революциядан кийин Мамбеталиевдин иши «жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча» кайрадан каралып, ал эркиндикке чыккан.


ТЕМА БОЮНЧА: