Путиндин Кыргызстанга келиши: Президенттер эки тараптуу кызматташтыкты жана ЕАЭБди талкуулашат

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга келиши февралдын аягына пландалган. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Путин Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киришинин натыйжаларын талкуулашат.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько Путиндин Кыргызстандагы иш сапарынын учурунда эки өлкөнүн президенттери 25 жылдык кызматташтыкты талкуулашаарын айтты.

«Биздин эки тараптуу кызматташтык, соода-экономикалык, аскердик-саясий кызматташтык», — деди Крутько.

Крутько Путин Кыргызстанга келип кеткен соң бир жумадан кийин ЕАЭБ маселелери боюнча өкмөт аралык комитеттин отуруму пландалып жатканын айтты.

«Быйыл Кыргызстан ЕАЭБде төрагалык кылаарын эске салгым келет. Ошондой эле быйыл биз Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин үч жылдыгын белгилейбиз. Бул тууралуу объективдүү байкоочулардын жана талдоочулардын ортосунда талаштар көп, бирок жакшы жактары көбүрөөк. Эгерде Кыргызстан бул биримдикке кирбей койсо эмне болот эле деп элестетсек, кесепеттерине сан жетпей калмак», — деп эсептейт Орусиянын Кыргызстандагы элчиси.

Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин оңунан чыкпай калышы

Кыргыз парламентиндеги оппозициячыл «Ата-Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» фракцияларынын депутаттары февралдын башында Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин оңунан чыкпай калганы үчүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековду күнөөлөп, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышкан.

ЕАЭБге кирүүнүн жыйынтыктары боюнча өкмөттүн отчётун «Республика — Ата-Журт» фракциясы да угуп чыккан. Фракция башчысы Өмүрбек Бабанов өлкөнү биримдикке киргизүү боюнча министрлер кабинетинин ишин сынга алып, «Кыргызстан ЕАЭБде өз ордун табышы керек» деген.

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши боюнча Жээнбековдун отчетун парламент 2-февралда уккан.

Премьер-министр Кыргызстан ЕАЭБге кирген соң 2016-жылы өндүрүм экспорту 8,1 пайызга, импорт 18,5 пайызга азайып кеткенин айткан.

Карыздан кечүү жана Жогорку Нарын ГЭСтери

Путин акыркы жолу Кыргызстанга расмий иш сапары менен 2012-жылдын сентябрында келген.

Анда Орусия Кыргызстанга өлкө эгемендик алгандан берки анын эң чоң карызын — дээрлик 500 миллион долларын кечкен.

Ошол эле күнү иш сапарынын убагында 189 миллион доллар расмий түрдө кечилип, калган 300 миллион долларды Орусия Кыргызстанга он жылдык мөөнөт ичинде 2016-жылдан тартып бирдей үлүштө кече баштаган.

Тараптар Камбарата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жөнүндө да макулдашкан.

Бирок 2015-жылы Атамбаев Кыргызстан макулдашуудан чыга тургандыгын, анткени Орусия экономикалык кризистин айынан аны каржылай албай калганын билдирген.

Бул боюнча Кыргызстанда түзүлгөн депутаттык комиссия Нарын облусунда курулган объектилердин наркы эки эсе көбөйтүлүп көрсөтүлгөнү тууралуу тыянакка келген. Депутаттар өкмөттөн курулушка кеткен чыгашага эл аралык аудит өткөрүүнү суранышкан.

Макулдашуудан бир тараптуу чыккан соң Орусия тарап Кыргызстандан ГЭСтердин курулушуна жумшалган 37 миллион долларды кайтарып берүүнү талап кылган.

Бирок кыргыз тарап акчаны эл аралык аудиттен кийин гана кайтараарын билдирген. Өз кезегинде Орусия тарап аудиторлорго төлөнө турган 2 миллион долларды берүүдөн баш тарткан.


ТЕМА БОЮНЧА: