«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылды

«Өнүгүү-Прогресстин» башчысы Бакыт Төрөбаев парламентте анын фракциясы өлкөнүн ЕАЭБге киришине нааразылыктан улам өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылаарын билдирди.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясы Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кириши боюнча өкмөттүн ишине нааразы.

«Биздин фракция өкмөттү кызматтан кетирмек болду. Ошого байланыштуу биз өкмөттүн иши боюнча маалымат беришин талап кылабыз», — деди Төрөбаев.

«Өнүгүү-Прогресстен» тышкары, оппозициячыл «Ата-Мекен» фракциясы да өкмөттүн ишине нааразы экенин билдирген.

Парламенттик оппозиция Кыргызстандын ЕАЭБге киришинин жыйынтыктары тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун маалыматын 2-февралда уккан соң нааразылыгын ачыкка чыгара баштаган.

Жээнбеков биримдикке киргенден тартып өлкөдө 2016-жылы өндүрүм экспорту 8,1 пайызга, импорт болсо 18,5 пайызга азайганын айткан.

Өкмөткө ишеним көрсөтпөө вотумун билдириш үчүн аны кызматтан кетирүүнү колдоп 120 депутаттын ичинен 40 депутат — баарынын үчтөн бири добуш бериши керек.

«Ата Мекен» менен «Өнүгүү-Прогресс» бириккенде азырынча 24 мандаты бар. Депутаттар министрлер кабинетин кызматтан кетириши үчүн аларга жок эле дегенде 16 депутаты бар дагы бир фракция кошулушу керек.

«Республика — Ата-Журт» да өкмөттү кызматтан кетирүү маселесин карап жатканын билдирген, бирок ал вотумду колдоор-колдобосу белгисиз.


ТЕМА БОЮНЧА: