Бишкек ШИИБ өздөрүн милиция катары тааныштырып, «Жал-Артис» турак жай комплексинде күзөтчүнү сабап салган жигиттер укук коргоо органдарына тиешеси жок экенин айтууда.
«Жал-Артис» комплексинин тургундары милицияга кайрылып, алардын үйүнүн күзөтчүсүн белгисиз бирөөлөр сабап кетишкенин билдиришкен.
Тургундардын биринин айтымында, алар өздөрүн милиция кызматкери катары тааныштырып, күбөлүгүн көрсөткөндүктөн күзөтчү аларды киргизген.
«Алар 17-кабатка көтөрүлүп, чет өлкөлүк жарандын батирине кирүүгө аракет кылышты», — деди ал.
Тургундардын айтымында, келгендер чет өлкөлүк жарандын батирине кирүүгө аракет кылышкан.
ШИИБнин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев Kloop.kgге окуя болгон жерде милиция кызматкерлери болбогонун билдирди.
Анын айтымында, күзөтчүгө жана ошол тургундун батирине кол салгандар өз кошунасынын «ызы-чуулуу» жашоосуна жини келген ошол үйдүн тургундары болгон.
«Алар кошуна экен. Бири түнү бою чуу чыгарып, алар анын эмне үчүн түн ортосунда тополоң кылганын териштиргени барышыптыр. Бул кошуналардын ортосундагы чатак болгон», — деди Казабаев.
Казабаев «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бир киши кармалганын айтты. Милиция тергөө жүргүзүп, кол салгандардын башкаларын издеп жатат.
ТЕМА БОЮНЧА:
- УКМК Бишкекте жаш жигитти сабап кеткен милиция кызматкерлеринин ишин карайт
- Жаш жигитти сабаганы үчүн эки милиция кызматкери кармалды
- Бишкек: Жигитти сабаган эки милиционер убактылуу кармоочу жайга камалды