Базар-Коргон: Текебаевдин тарапташтары өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн келишин талап кылууда

Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү алардын талаптарын келип укпай койгонуна нааразы болуп жатышат. Митингге чыккандар акцияларын беш күндөн бери өткөрүүдө.

Өмүрбек Текебаев төрөлгөн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Акман айылында саясатчынын тарапташтарынын митинги уланууда.

Митингге чыккандар өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин келишин талап кылууда. Акциянын катышуучулары Сатыбалдиев келип, алардын талаптарын угуусу керек экенин айтууда.

Базар-Коргон районундагы тынчтык митингдери 1-мартта башталган. Бишкекте болсо камалган саясатчынын колдогон нааразылык акциялары 26-марттан 1-мартка чейин уланып, аба ырайына байланыштуу убактылуу токтотулган. Нааразылык акциялары 6-марттан тарта башталмакчы.

Аймактарда оппозициянын митингдери уланууда. Бишкектегилер аба ырайынын айынан митингге чыкпай турушат

Митиннге чыккандар Текебаевди бошотконго чейин каршылык акцияларын өткөрө берүүгө ниеттенип жатышат. Соттун чечими менен «Ата Мекен» партиясынын башчысы эки айга камалган.

Атайын кызматтар аны «Манас» аэропортунда 26-март күнү кармаган. Ага «Коррупция» жана «Алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин козголушуна Орусиянын мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевскийдин азырзы негиз болгон.

Орусиялык ишкердин ишендиришинче, ал 2010-жылы Текебаевге бир миллион доллар берип, «Мегаком» компаниясын башкарууга мүмкүнчүлүк алмак.

Камалган депутат муну бийлик тарабынан оппозицияга саясий басым жасоо деп атап жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: