Прокуратура журналист Орунбековдун ишинин токтотулушуна каршы даттанат

Оппозициячыл журналист Дайырбек Орунбеков прокуратура анын кылмыш ишин мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү соттун чечимине каршы даттанууга даярданып жатканын билдирди. Орунбеков президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысына доо келтирүү боюнча күнөөлүү деп табылган.

Орунбековдун айтымында, Октябрь райондук сотунда мунапыска байланыштуу анын иши токтотулгандан кийин прокуратура соттун чечимине каршы даттануусун улантууда.

«Мен муну аша чапкандык деп эсептейм, бийлик өз ыйгарым укугунан ашкере пайдаланып жатат. Балким менин адилетсиз жазаланышыма президент өзү кызыкчылыгы бар болуп жүрбөсүн?! Мага каршы кылмыш иши мыйзамдуу негизде токтотулган, тагыраагы үч жыл мурда ал башынан эле адилетсиз козголгон. […] Бул аракетти менин сөз эркиндигимди моюнга алуудан баш тартуу деп түшүнөм», — деди ал Kloop.kgге.

Орунбеков мунапыска карабастан ага карата баш коргоо чарасы сакталып калганын айтты. Ал дагы эле эч жакка чыкпаганга кол коюп берген милдеттенмеси бар жана президентке эки миллион сом компенсация төлөп бериши керек.

«Бул берене боюнча эгерде жаран соттун чечимин аткаруудан баш тартса гана кылмыш иши козголот. Мен баш тарткан эмесмин жана ал эки миллион сомду мүмкүнчүлүгүмө жараша төлөп келатам», — деди ал.

Орунбеков президентке эки миллион сом төлөп берип, андан ачык кечирим суроого милдеттендирилген. Журналист президентти сындаган макала жарыялаган соң сотко берилген.

2016-жылдын июлунда Аламүдүн райондук соту Орунбековго тиешелүү оппозициячыл «Maalymat.kg» сайтын камакка алган. Судья муну журналист президентке компенсация төлөбөгөнү, ал эми анын кыймылдуу же кыймылсыз мүлкү жок болгондуктан, мамлекет анын сайтын тартып алганы менен негиздеген.

2015-жылы Орунбеков аны басма сөз жыйындарынын биринде «кимдир бирөөнүн акчасын актап жатат» деп күнөөлөгөн Атамбаевди өзү сотко берген. Ал кезде моралдык чыгымдын суммасы символикалуу — 1 сом гана болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: