Сот кыргызстандык 14 кыз-келин өрттөнүп кеткен типографиянын директору менен инженеринин камак мөөнөтүн узартты

Москва шаардык соту типографиянын директору менен башкы инженеринин камак мөөнөтүн 27-апрелге чейин узартты. 2016-жылы августтун аягында типографиядагы өрттөн Кыргызстандын жараны болгон 14 кыз-келин жана Орусиянын үч жараны курман болгон.

Москва шаардык соту типографиянын директору Сергей Москвин менен башкы инженер Антон Яцковдун камакта отура турган мөнөтүн узартты.

Москвин менен Яцков «Абайлабастыктан эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келген өрт коопсуздук талаптарын бузуу» боюнча айыпталууда.

Москвинге каршы «Мыйзамсыз миграция» уюштуруу боюнча да айып коюлууда. Прокурорлор курман болгон 14 кыргызстандык кыз-келиндин ичинен экөө гана Москванын аймагында катталганын аныкташкан.

Кыргызстандык кыздар набыт болгон басмакананын мүдүрүнүн үстүнөн сот иши. Эмнелер белгилүү?

Москвин менен Яцков беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Өрт 27-августта Москванын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Алтуфьев шоссесиндеги типографиянын складында чыккан. Өрттөн Кыргызстандын жараны болгон 14 жана Орусиянын жараны болгон үч кыз-келин каза тапкан.

Өрткө имараттын биринчи кабатындагы лампанын зымдарынын тийишип кеткени себеп болгон. Лампа жарылып кетип, анын учкундарынан шып күйө баштаган.

Курман болгон кыз-келиндер складдын төртүнчү кабатындагы имаратта камалып калган. Алар имараттан чыгып кеткенге үлгүрбөй, иске уугуп өлгөн.

Москвин 6-сентябрда соттун чечими менен тергөө изоляторуна киргизилген. Ал полицияга күнөөсүн моюнга алып келген.

Типографиянын башкы инженери Антон Яцковду Орусиянын Тергөө комитетинин кызматкерлери 14-сентябрда кармап келишкен.


ТЕМА БОЮНЧА: